Menu

“Жерүй” шайлоо алдында саясий куралга айландыбы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда 2020-жылы болчу саясий жарышка даярдык акырындык менен күч ала баштады.

Партиялар жана саясатчылар кайрадан электораттын саясий упайына ээ болууга аракеттене башташты. Айрымдары эл менен жолугушууга аймактарга аттанышса, кээ бири эски схема менен иштеп, жарандардын аң-сезимине чабуул жасашууда. Ошондуктан жакын арадан бери саясатчылар алтын кен казуучу жайлар темасын активдүү апыртып жатышканы таң калыштуу эмес. Бул жолу алар “Альянс Алтын” ЖЧК жана “Жерүй” кен чыгуучу жайдагы инвесторлорду тандап алышты.

Кептин учугу тоо-кен тармагында компетенттүү эмес саясатчылар беш жыл мурда кол коюлган лицензиялык келишимди жокко чыгарууга аракеттенип жатышканында эмес. Ал турмак компания 2015-жылдын июнь-августунда өлкө бюджетине 100 млн доллар өлчөмүндөгү сынактык төлөм төлөгөнүндө, ошондой эле КР өкмөтүнүн мурдагы лицензия ээлери менен болгон талашын эл аралык сотто жөнгө салып, Кыргызстанды 580 млн долларлык доо талаптан жана соттук чыгымдардан кутултканында да эмес. Кеп азыр абийирдүү иш алып барып жаткан инвестордун дарегине кезектеги жаманатты кылмай адаты башталып жатканында.

Саясий серепчи Марс Сариевдин айтымында саясатчылар шайлоо алдында “Жерүй” темасын тандап алганы бештен белгилүү: “Бул маселени атайын максаттуу көтөрүп жатышканы маалым, анткени тема элдин реакциясын жаратып, россиялык тараптын КРнын сынына дагы кабылганы үчүн кыжырын пайда кылаарын жакшы түшүнүшөт. Ушундай кылуу менен алар өздөрү тууралуу кабар бергиси келет. Ошондуктан инвесторлорго басым мындан да күчөйт, ал эми өлкөдөгү эң ири эки кен чыккан жай темасы чайкалууну улантат. КР мындан кийин инвестициялык климаттан кол жууп калаары саясатчыларды ойлондурбайт, аларга электораттан саясий упай алуу гана маанилүү”.

Инвесторлорго жана “Жерүйгө” басым жасоо барган сайын улам жаңы бурулуштарга буйтап жатканына депутат Акылбек Жапаровдун жакында жасаган билдирүүсү далил боло алат. Ал бул чакырылыштын мөөнөтү бүтөөрүнө аз калганда капысынан Таластагы кен чыгуучу жайдагы алтын өндүрүүнүн кирешелерин эстеп калды.

– Өкмөт элдин талабын колдошу керек, саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өндүрүлгөн алтындарды бөлүштүрүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун парламентке алып келиши зарыл. Жерүйгө келген инвестор россиялык магнаттардын бири болуп саналат. Аларды таш менен кубалай албайсың. Ошондуктан биз инвесторлор менен консенсуска барышыбыз керек. Келечекте биз элдин кызыкчылыгын бербешибиз керек, – деп депутат капыстан “Марал” радиосуна берген маегинде агынан жарылды.

Бирок элдин абийирдүү өкүлү, кыязы парламенттин мурдагы чакырылышы кол койгон учурдагы келишимдин кабыл алынышынын башында өзү да турганын унутуп койду окшойт. А эгер өзү айтып жаткандай келишимди кабыл алууда кемчиликтер чын эле болгон болсо анда мында анын да күнөөсү бар. Анын үстүнө ошол убакта инвестордун айыбын ачууга ал негедир шашылган эмес. Мамкызматтардын да аракеттери максималдуу түрдө ушуга багытталышы керек болчу.

– Биздин өлкөгө орношууну каалаган бизнес биринчи кезекте рынокто иштеп жаткан инвесторлорго көз салат. А эгер аларга карата мамиле анын негизги ишмердүүлүгүнөн алып караганда фискалдык саясат жана жөндөгүч ишмердүүлүк өзгөрүү менен коштолсо, бул өлкөдөгү инвест-климаттын туруктуу эместигинин белгиси, – дейт Эл аралык ишкерлер кеңешинин директорунун орун басары Данияр Медеров.

Анын пикиринде жеке нерселерге мамиле мурда кандай шартта кабыл алынса так ошол бойдон өзгөрүүсүз калышы керек.

– Бул абдан маанилүү, анткени ар кандай ыраатсыз саясат мамлекеттин имиджине оңдолгус залака келтириши мүмкүн. Биз практикада инвесторлорго карата мыйзамсыз аракеттердин болгонуна жана алардын экономикалык ишмердүүлүгүнө байланышкан башта сүйлөшүлгөн шарттар капысынан өзгөрүүгө кабылганына бир нече жолу күбө болдук. А бул болсо арбитраждык талашка толук кандуу себеп болуп берет. Бирок мен кырдаал мынчалык тереңдебейт деп ишенем. Анын үстүнө өкмөттүн билдирүүсүнөн улам Жерүйгө жана россиялык инвесторго карата саясат ырааттуу жүргүзүлүп жатканы маалым болду, – деп жыйынтыктады Медеров.

Бизнестеги мындай кабарды өкмөт колдоого алган. Премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев 2015-жылы болгон ачык сынактын жыйынтыгында “Восток -геологодобыча” ААКсы бир топ пайдалуу шартты сунуштаганын эске салды. Аны жеңүүчү деп табышкан. Компания долбоорду ишке ашыруу үчүн туунду “Альянс Алтын” ЖЧКсын түздү. Белгилей кетсек, компания Талас облусунда каттоого алынган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иштейт, башка кыргызстандык ишканалардын катарында бардык салыктарды төлөйт, ошондой эле “Бакубат Талас” Фондун каржылайт. Кийинчерээк Жерүй менен “Альянс Алтындын”, россиялык “Группа Альянс” АКнын жана россиялык мамлекеттик ВТБ Банкынын ортосундагы өнүгүү кызматташтыгы боюнча келишимге кол коюшкан. Кол коюу Владимир Путиндин Бишкекке болгон иш сапарынын алкагында, КР жана РФ президенттеринин катышуусунда жүргүзүлгөн.

– Ошол убактан баштап компания республикада иштеп келатат жана бардык шарттарды өз убагында аткарууда. Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт кызматташуунун бардык шарттарын катуу сактап жатканын айтты. Бул инвестициялык климат үчүн абдан маанилүү. Министрлер кабинети Жерүйдөгү бардык экологиялык жана техникалык нормалардын аткарылышын өзгөчө этияттык менен тыкыр көзөмөлгө алаары башка иш. Ишканада миңден ашуун жумуш орунун түзүү пландалып жатат, алардын 90 пайызы кыргызстандыктар болот. Долбоорду ишке ашырууда өзгөчө орунду жергиликтүү калк менен эки тараптуу пайдалуу кызматташтык түзөт, – деди Султаналиев.

Эске салсак “Альянс Алтын” ушул айдын аягына чейин Жерүйдөгү тоо иштерин баштоого даяр. Баштапкы убакта казылып алынган кен складда сакталат, ал убакта алтын бөлүп алуу фабриканын жана калдык сактоочу жайдын башкы корпусунун курулушу соңуна чыгат. Фабрика ушул жылдын аягына чейин ишке кириши керек, а кийинки жылы агытуу-жөнгө келтирүү иштери аяктагандан кийин режимге чыгат. Талас алтын кен комбинаты жылына 1,3 млн тонна кенди иштетип, 3-4 тоннага чейин алтын чыгарат. “Альянс Алтын” ЖЧКсынын салык төлөмдөрүнүн суммасы көбөйөт. “Бакубат Талас” фондун каржылоону улантат. Мында Кыргызстандын “Жерүйдөгү” үлүшү да бар.

“Комсомольская правда” гезитинен кыргызчалаган Аэлита Сатындиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: