Бүгүн, 23-октябрда Конституциялык палата Алмаз Атамбаевден экс-президент макамын алуу мыйзамсыз болгондугу жөнүндө өтүнүчтү карадоо. Андай өтүнүчтү депуттар М.Мадеминов, А.Кодуранова, И.Карамушкина, К.Орозова, А.Артыков, экс-депутат Н.Касымбеков жана юрист Н.Токтакунов берген.
Процесс сот Карыбек Дүйшеевдин төрагалыгы алдында өтүүдө. Ошондой эле соттор: Эмил Өскөнбаев, Мээргүл Бобукеева, Чинара Айдарбекова, Мукамбет Касымалиев, Куанбек Киргизбаев, Эркинбек Мамыров, Айсалкын Нарынбекова, Чолпон Осмонова, Жедигер Саалаев катышууда.
Юрист Токтакунов төрагага ишеним көрсөтпөй, ал учурунда Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгонун айтып чыкты эле, анын ишеним көрсөтпөгөнү четке кагылды. Ошондой эле сот Мамыровго да ишеним көрсөтүшпөдү. Ал эми парламенттин кызыкчылыгын коргогон юристтер кечигип келип, жыйынга киргизилбеди. Маселе каралууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ