Menu

Узак мөөнөттөн бери аким болуп олтургандардын тизмеси

Бөлүшүү:

Кыргызстанда жергиликтүү райадминистрация башчылардын мөөнөтү өтө кыска. Көпчүлүк акимдер бир жарым, эки жылдын аралыгында алмаша берет. Мисалы, 40 райондун 28инде эки жылга жетпей акимдер алмашылган. Бир жарым жылдын аралыгында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 17 акимди алмаштырды.

Бирок эки президент, бир нече премьер-министр учурунда дагы ордунан “былк” этпеген акимдерибиз да жок эмес. Анда алардын тизмесине көз салып көрөлү:

Тилек Матраимов

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими, 2012-жылдын февраль айынан бери олтурат. Ал кезде акимдерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлачу.

Ага чейин Тилекбек Матраимов Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Акимчиликке КСДП сунуш кылган. Тилек мырза ЖК депутаты Искендер Матраимов менен айтылуу экс-бажычы Райымбек Матраимовдун бир тууганы.

Канжарбек Эшалиев

Чаткал районуна аким болуп 2013-жылы 35 жашында келген. Райондо кен иштеткен инвесторлор менен болгон чырдан улам коомчулукка белгилүү. Акимдин Акүйдө алтынды казып алуудан түшкөн кирешени көмөлдөгөн колдоочусу бар экени боюнча айыпташкан.

Жакыпбек Субакожоев

Нарын облусунун Атбашы районун алты жыл – 2013-жылдан бери жетектеп келет. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн сөгүш алган жайы бар, бирок ордун сактап калды.

Турусбек Ногоев

Чүй облусунун Жайыл районун 2014-жылдан бери башкарып келет. 49 жашта. 7 жыл мектепте мугалим болуп эмгектен. 2011-жылы акимдин орун басары болуп дайындалган. Райакимди шайлоо учурунда ИИМдин мурдагы жетекчиси Абдылда Суранчиев Т.Ногоев кримтөбөл Алмаз Бопушевдин тууганы экенин айтып чыккан. Турусбек Ногоев Алмаз Бопушев өкүл атасы экенин тастыктаган.

Курбанбек Айтибаев

Ош облусунун Араван районун 2014-жылдан юери карай жетектеп келет. 2019-жылы президенттин колунан атайын арналган саатты белекке алган.

Жумадилла Жапаров

Ош облусунун Чоң-Алай район башчылыгына 2015-жылы келген. Айыл өкмөт башчысы болуп жүрүп аким болгон.

Үч жылдан бери район акимлери болуп Данияр Иманалиев (Ысык-Көл), Баратбек Сыдыкназаров (Кара-Буура) жана Адыл Сапаров (Жумгал) келишет. Аларды Атамбаев президент кезинде өкмөт башчы С.Жээнбеков дайындаган.

Үч жылдан бери районду башкарган Бекмурат Баймуратов (Лейлек) жана Нурлан Керимкулов (Кочкор) С.Жээнбеков өкмөт башчы боло электе дайындалышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: