Menu

Алайда мрамор казып алган жерде жаңжал чыкты

Бөлүшүү:

Алай районунун Таш-Коро айылынын тургундары Кара-Суу району менен чектешкен Чыйырчык жайлоосунда мрамор казып алып жаткан ишкерлердин машинеси менен экскаваторун талкалашты. Бул тууралуу 23-октябрда Экология жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциянын аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Рысбек Юсупов тастыктады.

Анын айтымында, чогулган эл алгач чатырды өрттөп жиберишкен. Натыйжада чатыр ичиндеги газ баллон жарылган. Экинчи тараптан 20дай киши чогулуп, эл менен айтыша кеткен. Ошондон улам жаңжал чыгып, ишкерлердин машинесин, экскаваторун таш менен урушкан.

Окуя болгон жерге Алай менен Кара-Суунун аким орун басарлары барышты. Тургундар казуу иштеринен улам суу агымы өзгөрүп, экосистема өзгөрө баштаганын айтышкан.

Июль айында айыл тургундары травертин казууга аракет кылган ишкерлерге каршы чыгышкан. Алар мындай казуу иштери жайыттарды бузуп, мал жайганга болбойт калат деп коркушууда. Кеп “Нур Ислам Строй”, “Жаңы Жол” жана “Жол Мент Кент” компаниялары жөнүндө болууда.

Элдин нааразычылынъгынан кийин бизнесмендер техникасын алып чыгып кетишти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: