Menu

Лейлекте күрүч жыйноо кызыды

Бөлүшүү:

Түшүмдүүлүгү жана даамы менен катуу өзгөчөлөнгөн күрүчтүн “кенже” сорту Лейлек районунун Ак-Суу айылында гана өстүрүлөт.

Аталган айыл өкмөтүнүн негизги киреше булагы – дыйканчылык. Айыл өкмөтүнүн 500 гектар суулуу жер аянтына жыл сайын толугу менен күрүч гана эгилет. Бул күрүч талаасынан күзүндө 1000 тоннадан ашуун түшүм жыйналат.

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы дээрлик ар бир үй-бүлө күрүч өстүрөт. Аймактан айтылуу чоң Ак-Суу дарыясы агып өткөндүктөн, шарты дагы күрүч өстүрүүгө гана абдан ыңгайлашкан. Ушул тапта аймакта массалык түрдө күрүч жыйноо өнөктүгү катуу кызыды. Маселен, күрүчтүн бир килограммы базар баасында 50-60 сомго бааланууда.

Айыл өкмөт башчысы Алимбек Халмуратов алдыда күрүчтү Кыргызстандын башка аймактарына, а түгүл дүйнөлүк рынокко чыгаруу максатында күрүчтү таңгактоочу ишканаларды ачуу үстүндө иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Азыркы тапта Ак-Суу айыл өкмөтүнүн дыйкандары өндүрүшкөн күрүчтөрүн Баткен облусунун ички базарларына жана кошуна Тажикстанга соодалап жатышат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: