Menu

КЭУда 25 жыл ректор болгон Камчыбеков ордуна инисин олтургузганы жатат

Бөлүшүү:

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетин 1995-жылдардан бери башкарып келаткан Камчыбеков Төлөгөн Кадыралиевич ушул айдын этегинде ээрден жылмышып, эс алууга кетет экен. Себеби, жетимиш жашты желкелеп турат. Эреже боюнча боюнча кийинки ректор жамааттын шайлоосу аркылуу келиши керек. Өкмөт анан шайлоого катышкан талапкердин ичинен өзүнө ийкемдүүсүн (добуш жетиштүү, же жетишсиз алса деле) бекитип коёт. КЭУну менчигиндей башкарып, баарын колго алып калган Камчыбеков Төлөгөн КЭУда иштеген өзүнүп иниси Алмаз Кадыралаиевди сүрөп, ордуна ректор кылып олтургуззуп кетүүгө бүт күчүн үрөп жатканы маалым болду. Төрдү араң бошотуп жаткан Төлөгөн аксакал КЭУну чын эле менчигиндей көрөбү? Же бул окуу жайда үй-бүлөлүк башкаруу орун алганбы? Баса, Камчыбековдун чейрек кылымдык ишмердүүлүгүн ирети менен тыкыр иликтеп чыкса, далай илинчиктер чыгаары бышык. Өкмөт бул маселеге кандай чара көрөт болду экен. Абылгазиев окуу-жайлардагы, ар кандай мекемелердеги үй-бүлөлүк башкарууларга катуу көзөмөл кылып турбаса, бул көрүнүш өөрчүп кетиши толук мүмкүн.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: