Menu

Өзбекстанда камакка алынган аткаминердин үйүнөн 1 миллион доллар жана Мальдив аралдарына сатып алынган эки авиабилет табылган

Бөлүшүү:

Ташкенттин Юнусабад районунун акиминин архитектура, капиталдык курулуш жана коммуникацияларды жакшыртуу маселелери боюнча орун басары коррупция айыбы менен камакка алынды. Бул тууралуу «Эркин Европанын» өзбек кызматы шаардык акимчиликтеги өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, учурда акимдин орун басары өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында камакта.

Булактын айтымында, аткаминер 5 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан маалда кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда 1 миллион доллар жана Мальдив аралдарына сатып алынган эки авиабилет табылган. Бирок азырынча бул маалыматты башка булактардан тактоого мүмкүн болгон жок.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Башкы прокуратура акимдин орун басарынын кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Былтыр сентябрда аталган райондун мурдагы акими Бахтиёр Абдусаматов 400 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Быйыл май айында сот аны «Кызмат абалын кыянат пайданалуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: