Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында 49 жаштагы өгөй ата 17 жаштагы өгөй кызын зордуктаганы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн 23-октябрда Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, окуя 17-октябрда болгон. О.Н. аттуу аял 2002-жылы туулган кызын 1970-жылы туулган Б.О. аттуу экинчи никедеги күйөөсү зордуктаганы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Арызда ал үйүндө жоктугунан күйөөсү пайдаланып, бой жетип калган кызын зордуктаган. Кыздын зордукталганын кошуналары да угуп, ага айтып беришкен. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестирине “зордуктоо” катары каттоого алынып, шектүү кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган.
яБулак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ