Menu

Санжар Ибраимов, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын орун басары: “Жыл башынан бери өлкөбүздө 461 митинг өттү…”

Бөлүшүү:

– Санжар мырза, айтсаңыз, үстүбүздөгү жылдын 9 айында республика аймагында эл аралык жана масштабдуу бир топ иш-чаралар өткөрүлдү. Бул иш-чараларды өткөрүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан кандай аракеттер көрүлдү?

– Айта кетсек, эл аралык денгээлдеги коомдук-саясий, спорттук-массалык жана ири маданий-көркөм иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча ИИМдин жетекчилигинин уюштуруу-башкаруучулук чечимдери иштелип чыккан.

Мындай иш-чаралардын катарына 2019-жылдын 17-январында Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбордук аянтында өткөрүлгөн тынчтык митинг өткөн убагында жана 24-январында Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргызстан футбол боюнча курама командасына арналган майрамдык иш-чара өткөн убагында коомдук тартипти жана коопсуздукту 2000 жакын милиция кызматкерлери камсыздады.

Ал эми, 2019-жылдын 14-15-июнь күндөрү өткөн Шанхай кызматтыштык уюмунун Мамлекет башчыларынын Саммитин өткөрүүдө орто эсеп менен 5000 ашык милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады.

-Айтмакчы, Кыргызстан ачык коомду куруу ураанынын астында бара жаткан өлкө делинип келет. Андыктан, быйыл жарандар тарабынан канча митинг жана нараазычылык акциялар өткөрүлдү жана андай учурда коомдук коопсуздук кандай даражада камсыздалды?

– 2019-жылдын 9 ай ичинде республиканын аймагында 461 митинг жана нааразычылык акциялар өткөрүлүп, алардын ичинен саясий мүнөздөгүсү 110, социалдык-экономикалык мүнөздөгүсү 351 митинг. Өткөрүлгөн нааразычылык акциялардын ичинен:

-кен казуу ишканаларынын айланасында 46 нааразычылык акция;

-жер участокторун трансфармациялоо маселеси боюнча 49 нааразычылык акция.

Митинг жана нааразычылык акциялар өткөрүлүүдө ИИОнун КККнын 3 миңден ашык кызматерлери кооомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат өтөп, негизги кызматтык милдеттери менен алек болушкан.

– Милицияга элдин ишенимин арттыруу жаатында Коомдук коопсуздук кызматы бул жылы кандай кадамдарды жасай алды?

– Мен Коомдук коопсуздук кызматынын багыты боюнча айтып берсем, элдин милицияга болгон ишенимин кайтарууга, калк арасында ишенимди жандандыруу максатында, милициянын аймактык ыйгарымдуу тескөөчүлөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүлөрү тарабынан укук бузуулардын алдын алуудагы ордун жогорулатуу багытында, жергиликтүү ички иштер органдарынын ачыктыгын, айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздоодо, эл алдында 3500дөн ашуун отчеттор уюштурулуп өткөрүлдү. Ошондой эле, маал-маалы менен түшүндүрүү иш-чаралары, рейддер жер-жерлерде өткөрүлүп турат.

2019-жылы 9 ай ичинде, 3 милициянын аймактык бөлүмчөсү жана 5 милициянын таяныч пункту, 1 милиция бөлүмчөсү жана 1 коомдук алдын алуу борбору ачылды.

– Келечек ээлери болгон жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө жаатында милиция кызматкерлери алгылыктуу кандай аракеттерди көрүүдө?

– Жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо, эскертүү багытында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан бир нече уюштуруу-тажрыйбалык чаралар уюштурулду.

Ошондой эле, жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын жана жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, эскертүү максатында, алдын алуу субъектилери менен ведомстволор аралык иш чаралардын 5 иш-мерчемдери ишке ашырылууда.

Белгилей кетчү жагдай, 2018-жылдын декабрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына өзүнчө бөлүк катары Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнө арналган сайттык бөлүгү ачылып, иш алып барылууда. Бул сайтта жашы жете электер багытында өткөрүлүп жаткан иш-чаралар, аныкталган көйгөйлүү маселелер, мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен бирге өткөрүлгөн иш-чаралар чагылдырылып турат.

Ички иштер органдарынын ЖИИ кызматкерлери кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирдикте түзүлгөн 511 штабдын мүчөлөрү менен 2019-жылдын 9 айында ар бир кожолука кирүү иш-чараларын ай сайын уюштуруп, кароосуз, көзөмөлсүз калган, ошондой эле турмуштук оор абалга кабылган, мигранттардын жашы жете элек 50 000ден ашык балдарды аныктап, балдардын тизмесин, КРдин Билим берүү, Эмгек жана социалдык мекемелерге, мамлекеттик өзүн-өзү башкаруу органдарына чара көрүү үчүн жиберилген.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: