Menu

Элвира Сатыбекова, Арстан Алайдын тарапташы: «Биз да Кудайбыз, бизге да кылмыш ишин козгошсун»

Бөлүшүү:

Коомдук ишмер Арстанбек Алайдын тарапташтары «АкиПрессте» журналисттерге жыйын өткөрүштү.

Анда алар өзүн кудай деп атаган кишини куугунтукка алуу туура эмес экендигин айтып, Арстан Алайга карата кылмыш иши саясий негизде козголуп жатканын баса белгилешти. «Кудай» деген сөз материя эмес, энергия экенин, “биз дагы кудайбыз, бизге да иш козгошсун”,-деп айтышып, эртең, 24-октябрда Биринчи май райондук бөлүмүнө аларга иш козгошун талап кылып барышарын, эгер козгобосо, 25-октябрда Башкы прокуратурага барышаарын билдиришти

«Арстан Алайды коргош үчүн келдик. Кыргыз элибиздин бардыгы, жердеги ар бир кыргыз кудай. Ата-бабаларыбыз кудай менен кудайдын ролун аткарып келген. Биз да кудайбыз. Бизге да кылмыш ишин козгошсун»,-деди Элвира Сатыбекова.

Эске сала кетсек, Арстан Алай өзүн «Ааламдын Кудайы» деп жарыялаган маалымат жыйынды 1-октябрда өткөргөн жана социалдык тармактарга ал ушундай сөздү жайылтып келет.

16-октябрда, парламентте депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашкан. Анда Арстан Алай да сөз болуп, анын айткандары экспертизага жөнөтүлгөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов билдирген. Бул билдирүү боюнча Арстан Алайга кайрылсак, ал эс кандай экстремисстик нерсе кылбаганын айткан.

18-октябрда Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы Арстан Алайдын айткан сөздөрү боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу билдирүү тараткан.

Бул тууралуу Арстан Алайга кайрылып, суракка чакырылган, чакырылбаганын сурасак, ал: “азырынча эч ким эч жакка чакыра элек, сыягы менин айткандарым боюнча экспетизанын жыйынтыгын күтүп жатышса керек”,-деди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: