Menu

Тагдыр: “Колу туткак аялымдан кутулбас болдум”

Бөлүшүү:

Чектен чыккан кызганычтын кесепети акыры жүрүп ажырашууга алып барат эмеспи. Бул каарманыбыз дагы ушул маселеден улам тагдырын өзү талкалаган экен. Мурунку аялы менен кайрадан жашагысы келгенин, кийинки аялынан эч кутула албай жатканын ачык айткан Асан мырза бизге буларды айтып берди.

– Эл караган бетимди жер караткан бул аялымдан кантип кутуларымды билбей жүрөм. Эмесе кеп башынан болсун. Учурунда жаштык-мастык кылып мурунку аялымдын баркына жетпегенимди эми билип жатам. Ал мени менен ажырашып жаткан учурда:

– Шашпа… Мени эстеп өкүнө турган кезиң да келет. Ошондо баарын түшүнөсүң, – дегенде келжеңдеп кепке келбей:

– Сени эстегидей мага эмне жакшылык кылдың эле? – деп кыйынсынган элем.

Экөөбүздүн сөзүбүз ошону менен бүтүп эки айрылыш жолго түшкөнбүз. Ал эми биздин ажырашуубузга менин кызганчаактыгым себепкер болгон. Ажырашканыбызга капа болгон апамдын: “Каап, жакшы келинди жөн эле колдон чыгардың” деп кейип сүйлөгөнү эмдигиче эсимден кетпейт. Кийинки аялыма болсо жалгыздыктан тажай баштаганда гана үйлөнгөн элем. Мимоза экөөбүз башында ынтымактуу эле жашачубуз. Балээнин баары анын колу туткактыгынан улам башталды. Бир жолу курткамдын чөнтөгүн аңтарып жатканын байкап калдым. Ошол замат жанына жетип барып:

– Уят эмеспи. Акча керек болсо сурасаң деле бермекмин да, – десем өзүн бир аз ыңгайсыз сезгендиктен эптеп оозун кыбыратып:

– Кечирип койчу. Чөнтөгүңдөн акча эмес эле телефонуңду издеп жаткам. Менин телефонумда бирдик түгөнүп калыптыр. Апам менен сүйлөшө турган сөзүм бар эле, – деп уялгандай түр көрсөтүп сүйлөгөндө ишенген элем.

Үйүбүздөгү мындай жагымсыз окуядан кийин анын жаман адатын эч калтыра албай койдум. Конокко келген тааныштарымдын үйдөн акчасы жоголо баштады. Алар ким алганын өз көзү менен көрбөгөн соң “сен эле алдың” деп аялыма айтмак беле. Бирок акчасын уурдаткандардын каргап-шилегенин укканымда коноктордун алдында өзүмдү эмнегедир күнөөкөр адамдай сезип кетчү элем. Аялым болсо андай учурда мелтиреп эч кимге сыр билгизчү эмес. Бир жолу адаттагыдай эле конокторду узаткандан кийин:

– Акмак экенсиң! Качан уурулугуңду токтосуң, ыя?! – деп айтсам күнөөсүн мойнуна алгандын ордуна кайра өзүмө жалаа жаап:

– Оозуңа карап сүйлө! Балким, сен өзүң алгандырсың, – десе болобу.

Минтип ачык эле бет тырмарлык кылып ак жерден мени күйгүзүп жатканына чыдай албай кетип жаактан ары бир чаптым. Ал жанталашып сыртка качып баратканда артынан кубалап жетип катуу токмоктой турган болгондо жалынып:

– Суранам, урбачы. Мындан кийин уурулук кылсам колум сынсын, – деп ыйлаганда аны аягандыктан өз жайына койдум.

Ал шолоктоп ыйлаган бойдон үйгө кирип кетти… “Боор ооруса боорго тебет” – деген сөз бекеринен айтылбаса керек. “Кантсе да аялым эмеспи” – деп боорум ооруганын ал эч билбеди. Карганганы түбүнө жетип бир күнү кокусунан колу да сынды. Ошондо да уурулугун токтотподу. Анын азабынан ага-туугандарым менен катташа албай калдым. “Бул колу туткакты каяктан тапкансың? Мурунку аяшыбыз эле жакшы болчу”-деп кийинки учурда досторум да көп айтчу болду. Ал байкуштун кийинки күйөөсү зөөкүр болгондуктан чыдай албай ажырашып кеткен экен. Жылдыз экөөбүз жакында “Дордой” базарынан күтүүсүздөн жолугуп калганда жеке турмушу тууралуу баарын ачык айтып берген болчу. Андан кечирим сурасам жараша турган оюн билдирген эле. Эми ажыраша турганымды азыркы аялыма айтсам “бул үйдөн өлүгүм чыгат, муунуп өлүп баарыңарды шерменде кылам”, – деп коркутуп жатат. Чындыгында андан аябай тажадым. Көңүлүм катуу калгандыктан көргүм да келбейт. Менин бактылуу жашашыма атайын кыянаттык менен бут тосуп жатканына кыжырым келгендиктен ага канчалаган жаман сөздөрдү айтсам дагы кутулбас болдум. “Сенин шайтандан эч айырмаң жок. Кудай сенден куткарбас болду го”, – деп мындан үч күн мурун сабаган элем. Үйгө аймактык тескөөчүнү ээрчитип келип кошуналардын баарына уят кылды. Ушунун баарына өзүм күнөөлүүмүн. Себеби, ашыкча кызганычтын кесепетинен тагдырымды өзүм талкаладым. “Өткөн ишке өкүнбө” – деген сөздүн мааниси мага эч таасир бербей жатат. А мен аябай өкүнөм… Балким, менин бул баяным башкаларга сабак болуп калгысы бардыр. Андыктан: “Чектен чыккан кызганыч акыры жүрүп ажырашууга алып барат экен. Анын алдын алуу үчүн сабырдуу болгула” – деп эркектерге айтар элем.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: