Кечээ, 23-октябрда Жогорку Кеңештин батасы менен аркарды, кулжаны, тоо текени, бугу-маралды атууга уруксат бойдон калды. 2018-жылы мыйзамсыз мергенчилик үчүн 99 кылмыш иши боюнча 183,6 миң сом айып пул төлөнгөн, 96 иш боюнча 611,4 миң сомго доо коюлган.
Кыргызстанда мергенчилик чарбасында ишкерлик кылган 52 юридикалык тарап, 42 жеке фирма, 9 коомдук жана 1 мамлекеттик мекеме (жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу департаменти) катталган.
Ушунча мергенчилик уюмдары болгон соң, парламентте тиешеси бар депуттар да бар окшобойбу. Мергенчиликке келгенде жата калышат тим эле. Илгери кыргыздар мындайларды: “О, Кайберендин кусуру ургурлар” деп коюшчу эле…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ