– Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу жөнүндө келишимге кол койгонуа 5 жыл болду, ийгиликтер да бар, өлкө экономикасында жылыштар көрүнүүдө, – деди 24-октябрда ЖК жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева (КСДП), ошондой эле чечилбей жаткан маселелерге да токтолду.
“Менин өкмөттүн өкүлү – Алмаз Ахунжановичке суроом бар. Орусиядан Кыргызстанга которулган акчалардын көлөмүнө коюлган чектөө качан чечилет? Деги эле чечилеби? ЕЭКтеги өкүлдөрүбүз, министрлер бул маселени кабыргасынан коюп жатабы? Чечилбеген дагы кандай маселелер бар? Өкүлдөрдөн биз толук жана так маалыматты алышыбыз керек”, – деди депутат айым.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ