Menu

ЖЭБ боюнча сотто эксперт Бектеналы Эгембердинин эсине “жара” чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-октябрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБнин модернизациялоо боюнча С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловдорго карата кылмыш иши каралып жатат.

Сотко күбө катары Отун-энергетика комплексин жөнгө салган мамагенттиктин эксперти Бектеналы Эгемберди келип, суралды. “Менин милдетим – карызга алынган каражат канча мөөнөттө өзүн актап чыгаарын эсептеп беришим керек эле. Мен экономикалык бөлүм менен алек болдум, кредиттин бааларга болгон таасирин эсептегем”, – деди Б.Эгемберди.

Эксперт “Электр станциялары” берген маалыматка анализ кылып, кубаттуулукту эске алып, ашыкча кубаттын кеткенин эсептеген экен. Ольга Лаврова андан ЖЭБдеги жабдыктар жаңы болгондуктан, чыгымдар кыскарганбы, жаңы жабдык ишке киргенде, электр энергиясы көбөйгөнбү, модернизацияга чейин жана андан кийин ушуларды эсептеп чыкканын сурады.

Эксперт “Электр станциялары” берген маалыматтарды гана эсептегенин айтты. Суроолорго жооп берип жатып ал 2017-жылы ЖЭБде каражаттардын таңсыктыгы 3,5 млрд сом түзгөнүн, ал эми 2017-жылы жаңыланган бөлүгү иштеп турганы боюнча маалымат берди. Бирок ЖЭБдин жаңыланган бөлүгү качан ишке кирген күнүн эстей албай койгонунан, ага Лаврова: “Сиздин эсептен шектенсе болот экен анда”, – деди.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, биртоп адамга кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: