Menu

Транспорт министрлиги эмнеге 25 кызматкер жумуштан бошогонун түшүндүрдү

Бөлүшүү:

2019-жылдын 9 айында аталган министрликтен 25 кызматкер бошотулган. Бул тууралуу, 24-октябрда Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев өздөрүнүн коллегия жыйынында билдирди.

Анын айтымында министрликте кадрлар токтобой жатыптыр.

“25 кызматкер жумуштан кетти – көпчүлүгү жаш адистер, бир же эки жыл эле иштешкен, айлыктын аздыгын айтып, премия жок экенин какшап, преспектива жок экенин сөз кылып кетип жатышат”, – деди ал.

Азыр министрлик айлык акыны көбөйтүү боюнча иш алып барып жатышканын айтты.

“Эгерде чарба эсебине (хозрасчет) өткөндө, көйгөйдү бир аз болсо да чечмекпиз. Мунун үстүндө иштеп жатабыз”, – деди ал.

Ал эми Транспорт жана жол министри быйыл программалык бүджет бекигенин маалымдады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: