Menu

Чубак ажы Жалилов эки аялы менен кантип жашап жатканын айтып берди

Бөлүшүү:

Чубак ажы YouTube-каналдын журналисти Майраш Базлакуновага маек берип, өзүнүн жеке турмушу жөнүндө айтып берген. Ал үй-бүлөсү өзгөчө эмес экендигин, түшүнбөстүктөр да болорун кеп кылган.

“Биздин үй-бүлөдө мен атамын, үй ээси болом. Мен башкаларга үлгү болгум келбейт. Бирок биз каалайбызбы, каалабайбызбы, эл бизден үлгү алгысы келет экен, аткени молдо башкаларга үлгү болушу кажет. Бизде деле кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр болот. Мындай пайгамбарыбыздын да үй-бүлөсүндө болгон. Бул жашоо. Эгерде кимдир-бирөө үй-бүлөсүндө телегейи тегиз экенин, нанга май сүйкөлгөндөй жашап жатканын айтса, мен ишенбейт элем”, – дейт Жалилов.

Экинчи аялын алганда, башында кыйын болгонун жашырбады, анткени үй-бүлө мүчөлөрү андай өзгөрүүлөргө даяр эмес эле дейт.

“Мен эки үй-бүлөм менен тең жашайм, убакытты тең бөлүп койгом. Эгер анализ жасап көрсөңөр, мени сындап жаткандардын өздөрүнүн эки үй-бүлөсү бар болуп чыгат, жөн эле жашырып жатышат. Аялдар өздөрү башкаларга экинчи аял болуп алышкан, анан бардыгынан катуу кыйкырып калышат, бул эки жүздүүлүк, башка аялды, балдарын сыйлабагандык”, – деди ажыке.

Анын экинчи аял алганы башкалардын турмушуна оң таасир бергенин да жашырбады.

“Мен эч нерсеге өкүнбөйм. Менимче, биздин коомдогу терс көрүнүшкө оңдоо киргиздим окшойт. Биринчи аялын таштап кетип, экинчи аялынан төрөлгөн балдарды да чанып кеткен учурлар бар. Мен бардык эркектер эки аял алсын дегеним жок. Аялга камкордук көрө алган киши гана буга барышы керек”, – деди ал.

Кыргызстанда эки аял алганга кылмыш беренеси каралган, бирок бул боюнча сот отуруму болуп көргөн эмес. 2017-жылы Чубак ажы экинчи аялы бар экенин мойнуна алган. Ал Түркиядан иштеп келген 30 жаштагы жесир келинге үйлөнгөнүн тастыктап, бирок биринчи аялы менен ажырашпаганын айткан. Анан ага чабуул башталганда, эки аял алгандардан жалгыз эмес экендигин айтып чыккан. Бирок ысымдарын атаган жок эле. Чубак ажыны суракка да чакырышкан, бирок эки аял алгандыгы боюнча жоопко тартылган эмес.

Ажынын видеомаегин бул шилтемеден көрүңүз: https://www.youtube.com/watch?v=OHb07AvPSZM

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: