Menu

Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: “ИИМ жетиштүү деңгээлде иштей албай жатат”

Бөлүшүү:

– Тынчтык Ураимович, кесиптешиңиз Жанар Акаев Бишкектеги «Мадина» кафесинин ээсинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн мисалга тартып, «криминал баш көтөрө баштады» дегендей пикир айтты. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

– Ар бир кылмышты «көзөмөлдөн чыгуу» деп таанысак болот. Ички иштер министрлиги, атайын кызматтын кээ бир бөлүмдөрү жумушун так аткарышы керек. Себеби, криминалдын баш көтөргөнү – бул өлкөнүн коопсуздугуна, экономикасына, инвестициялык климатына, элдин бейпилдигине түздөн-түз таасирин тийгизет. Ошон үчүн криминал менен аёосуз күрөшүү керек. Бизнесменди таламандын тал түшүндө алып кетип өлтүрүп, машинасын коркпой-үркпөй башка түскө боёп минип жүргөндүгүн – бул «мыйзамды урганым жок, мамлекетиңди урганым жок» дегендик катары кабыл алам.

– ИИМ алсыз болуп жатат дегенге макулсузбу?

– Алсыз эмес, бирок, ИИМ жетиштүү деңгээлде иштей албай жатат (!) деп айтар элем. Алсыз болгондо, анда анархия башталат. Иштеп атышат, бирок жетиштүү деңгээлде эмес.

– Анын себеби эмнеде? Материалдык камсыздоонун начардыгынанбы, же кадрлардын компетентсиздигиненби?

– Бул жерде адамдык фактор роль ойнойт. Ар бир адам өзүнүн жумушун так аткарыш керек. Материалдык база, анын үй-бүлөсүндөгү климат – бул башка маселе. Ошол жерге бардыңбы, иштешиң керек. Анан «силер мага шарт түзүп берсеңер иштейм» деген туура эмес. Болбосо, элди да, өзүңдү да кыйнабай, ордуңду бошот да башка жумуш изде. Эгер каалоо болсо, криминалды үч айда эле жок кылып койсо болот. Бизде мыйзам жагынан баардык мүмкүнчүлүк бар. Мен ар дайым эле айтып жүрөм, мыйзамдын күчтүүлүгү – анын аткарылышында. Дагы айтам, бизде криминалды жок кылып салганга мыйзамдар жетиштүү. Аны аткарыш керек да. «Адам фактору» дегеним ошондон. Иштеш гана керек.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: