Menu

Калдарбек Абдраманов, башкы кардиохирург: “Түштүктөгү ооруканабыз жабылса, жүздөгөн, миңдеген жүрөк оорулуулар жабыркайт”

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы түштүк аймактык кан тамырлар хирургиялык борбору жабылуу алдында турат. Ал үч кабаттан жана бир нече кошумча бөлүктөн турган имарат. Анын бир кабаты гана жергиликтүү элдин көмөгү менен бир аз оңдолуп, жергиликтүү эл жатып дарыланууга шарт түзүлгөн. Бирок мамэкотехинспекция бул имаратты пайдаланууга тыюу салып, «жапкыла» деген талап коюшкан. Эгер жабылса, бейтаптардын абалы эмне болот? Бул тууралуу түштүк аймактык жүрөк хирургия илимий борборунун директору, медицина илиминин доктору Калдарбек Абдраманого суроо узаттык.

– Түштүктөгү жүрөк кан тамыр хирургиялык борбору эгер жабылып калса, бейтаптардын кандай абалга дуушар болуу коркунучу бар?

– Биз иштеп эле атабыз. Оорулуу адамдар абдан көп. Бирок экотехинспекция сотко кайрылып, жаптырып салышы мүмкүн. Сот аркылуу жабылып калса, түштүктө жашаган жүрөгү оорулуу жүздөгөн, миңдеген жарандар жабыркайт. Мүмкүнчүлүгү барлары Бишкекке барып дарыланууга туура келет. Республикада жүрөк кан тамыр оорулары орчундуу илдеттердин сап башында, биринчи орунда турат. Негизи дарттан каза болгондордун 50 пайыздан ашыгы дал ушул жүрөк кан тамыр ооруларынан жапа чеккендер болуп эсептелет.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: