Menu

Эңилчек тоолорунда эки кишини өлтүрүп, качып кеткен Сергей Смирнов алигиче табыла элек

Бөлүшүү:

“Изи табылбай жатат, кылмышкер чегарадан өтүп кеткен”, – деп Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев АКИpress маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал жакка орун басары Мирлан Каниметов башында турган атайын тергөө тобу барып келген.
“Сергей Смирновду 15 күн бою күч түзүмдөрү да, эл да, айтор, бардыгы издеди. Жыт алган ит Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы сууга чейин жыт алып барды. Анан эле изин таппай калдык. Бирок Смирновдун мергенчи болгонун унутпашыбыз керек. Жаныбарлар менен куштарга коюлган жемден жеген жерин да таптык. Бизге туристтик компания да кол кабыш кылды, тикучактар менен да издедик. Казак чегарачыларына да кабар бердик. Изин аябай жашырыптыр, чегарадан өткөнү, өтпөгөнү, белгисиз болуп жатат. Эл аралык издөөгө салынды”, – дейт Жунушалиев.
Эки киши үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда таң эрте “Хан Теңир” туристтик компаниянын лагеринде өлтүрүлгөн. Кароолчу Сергей лагердин башчысынын орун басары Дөөлөт Азимкулов менен катардагы кызматкер Каримди карабин мылтыгы менен атып өлтүргөн. Бир айымды барымтага алып, качып жөнөгөн. Эртеси эртең менен барымтага алынган айымды кое берип, “мен тирүү колго түшпөйм” деп туруп, жалгыз качып жөнөгөн. Сергей Смирнов 28 жашта, Түптө туулуп, балдар үйүндө чоңойгон.
Көп жылдар бою туристтерге тоолордо жол көрсөтүп жүргөн экен. Эңилчек өрөөнүн мыкты билет. Тоолордо кантип жашаш керектигин да мыкты өздөштүргөн. “Хан Теңир” компаниясына быйыл жазында жумушка алынган. Аны жумушка каза болгон Дөөлөт Азимкулов алган. Эңилчектен кокустан таанышып калышыптыр. Социалдык начар абалын уккан Дөөлөт ойлонбой туруп, Сергейди Ат-Жайлоодогу лагерге кароолчу кылып алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: