Menu

Кожобек Рыспаев, ЖК депутаты: “Профсоюз уюму мафиянын туу чокусуна жетиптир”

Бөлүшүү:

– Кожобек мырза, профсоюз уюмунун ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөнү жатат. Бул мекемеде кандай калпыстык иштер бар экен?

– Профсоюз бирикмеси негизи аябагандай коррупциянын очогуна айланган, эл нааразылыгын арбыткан мекемеге айланды. Булардын иши менен мурдараак түзүлгөн жумушчу топ иштеп жатат. Демилгечилер улам мыйзам алып чыккан сайын жаңы-жаңы жагдайлар чыгууда. Мүлктөрү, алардын сатылып кетиши боюнча жагымсыз иштер улам чууруп чыгып келет. Суроо узатсак, жооп жок. Демек, бул жерде коррупция эбегейсиз ашынып кеткен, биргелешкен коррупция бар. Ошон үчүн «парламенттик комиссия түзөлү» деп мен протоколдук тапшырма бергем. Комитетте каралды, «комиссия түзүлсүн» деп чечим кабыл алып берди. Эми Жогорку Кеңеште ошол комиссиянын курамы добуш берүү менен бекитилет. Андан ары өз ишибизди алып барабыз.

– Профсоюздарды башкарып жаткан 29 киши жөнүндө сөз кылдыңыз эле, алар кимдер?

– Профсоюз уюму союз маалынан калган. Илгери союз маалында профсоюздун күчү абдан чоң болчу. Ал убакта профсоюздар өз ишин так аткарчу. Азыр эми ошонун бири жок. Мүлктөр мамлекетке өтүп, демократиянын агымы менен рынокко өтүп, жашоо шарт өзгөрдү. Бирок, профсоюз ошондогу мезгил менен калып калды да, ошондогудай эле тартипте жашап келатат. Мамлекеттик жумушчулар маянасынын эсебинен 1% өлчөмүндө төлөм төлөп беришет. Бул деген негизи адамдын эрки менен болуш керек болсо, азыр бизде андай эмес. Билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагылардан милдеттүү түрдө кармап калып жатышат. Эң башкысы, аларга путевка (эс алууга же дарыланууга жолдомо) берилбейт. Берилсе да өтө аз санда. Мындан башка белек-бечкек же дагы башка кызматтар көрсөтүлүшү кажет. 1%дан чогулуп отуруп, 1 млрд. сомго жакын акча
чогулуп жатат. Ал акча кайда кетип жатат, эсебин билген киши жок. Отчет берилбейт. Профсоюз бирикмесинде директорлор кеңешинин 29 мүчөсү бар. Мына ушулар чогулуп отуруп алып, көп иштерди каалагандай калчап жасап жатышат.

– Уюмдун карамагындагы айрым мүлктөрдүн сатылып кеткени айтылып жатат. Депутаттык комиссия буга кандай аракеттерди көрөт?

– Мына ушул сатылып кеткен мүлктөрдү дагы жанагы 29 адам чогулуп, өздөрүнүн уставына таянып сатып, же бир нече жылга ижарага берүүнү чечишет экен. Карап көрсөк, чоң-чоң пансионаттар сатылып кеткен. Мисалы, «Саякатты» 49 жылга ижарага берип салышкан, бул «сатылды» деген эле сөз. «Достуктун» 43 пайызы акционерлерге өтүп кеткен. Абшыр-Атадагы пансионат, Чолпон-Атадагы «Голубой Иссык-Куль» пансионаты, «Ала-Тоо» пансионатындагы жерлер сатылып кеткен. Азыр бизге кайрылуулар келип атат. «Жалал-Абад» курортунда мурда иштеп кеткен кызматкерлер ал жерде коррупция гүлдөп кеткенин айтышууда. Бир туугандар, классташтар, досторун кызматка коюп, мафиянын туу чокусуна жетиптир. ТЭЦ бул жакта эле калгандай көрүнүп турат. Мунун баарын иликтейбиз. Мамлекет болгондон кийин 29 кишини талтаңдатып, мүлк маселесин алар каалагандай чечтирбей, мамлекетке керектүү иштетсек кандай болот (?) деген сунуштар бар. Бул тармакта акчалар текке кетип, оңду-солду чөнтөктөргө солонуп жатса, эмнеге биз акча издейбиз? 1%дан эл чогулткан акчага медицинага жабдыктар алынса, ооруканалар оңдолсо, мектептер салынса, ушунун баары профсоюздун иши болбойбу! Мугалимдерден эле 1%дан чогулуп отуруп, 150 млн. сомдон ашык чогулат. Аз камсыз болгон, үйү жок мугалимдерге үй алып берсе, профсоюз кылган болбойбу! Каражаттарды рационалдуу түрдө туура колдонолу (!) деген эле жакшы ой. Ал эми сатылып кеткен объектилер боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берилет. Депкомиссиянын курамына укук коргоо органдарынан мүчө киргизилип, бухгалтериядагы жана башка документтер алынат. Ошондо булардын былык иштери, бытылдаган коррупциясы ачыкка чыгат. Ошонун алдын алып, беттырмарлык кылып, бизге асылып, ырбатып алышты. Ырбаганы жакшы болду. Кантип, кандай жол менен жеп аткандарын ачыктайбыз эми.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: