Алматы шаардык соту “пара алууну көздөө” жана “алдамчылык” беренелери менен акталган судьянын иши боюнча райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аны үч жарым жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 23-октябрда өлкөнүн Коррупцияга каршы кызматы кабарлады.
Алматы шаарынын Ауэзов райондук сотунун судьясы Андрей Штейнке 2019-жылы февралда коррупцияга каршы күрөш органдарынын операциясынан кийин кармалган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал 2018-жылы мүлк жаңжалына байланыштуу маселени оң жагына чечип берүү үчүн таанышынан акча алган. Андрей Штейнке сотто айыптоолорду четке каккан.
Быйыл 23-июлда Алмалы райондук соту “кылмыштын курамы жок” деген жүйө менен 40 жаштагы судьяны актаган. Райондук сот пара берүү фактысы аныкталбаганын билдирген.
“Пара алуу учурунда” кармалган судьянын акталышы коомчулук арасында түрдүү пикирлерди жараткан. Кийинчерээк шаардык сот Штейнке кызматынан четтетилгенин маалымдаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ