Menu

ИИМ: “Памир Асанов Матраимовдун кудасы болгон үчүн эмес, мыйзамга ылайык кызмат ордунда калат”

Бөлүшүү:

ИИМдин орун басары Памир Асанов 55 жашка толгондугу үчүн кызматынан кетиши керектиги жөнүндө ММКларда кызуу талкуу болгондуктан, ИИМ 24-октябрда атайын түшүндүрмө берди.

“Өлкөдө болуп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында жана 2019-жылдын1-январында күчүнө кирген кылмыш мыйзамдарынын жаңы процессуалдык талаптарына ылайык, тергөөчүлөр менен тескөөчүлөрдүн ролу жогорулады. ИИБдеги ишмердүүлүктү көзөмөлдөө үчүн сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басар орундар киргизилген. Алардын бирине министрдин орун басары болуп милциянын полковниги Памирбек Асанов дайындалган.

2019-жылдын 16-октябрында Памирбек Асанов 55 жашка толду. ИИБ жөнүндө мыйзамдын 7-2 беренелерине ылайык, орто жана жогорку атайын наамдагы милиционерлер ИИБнын кызматында боло алышат жана 55 жашка чыкканда отставкага кетирилет, – деп жазылып турат. Бирок белгилей кетчү жагдай, иштеп жаткан мыйзамда туулган күнүндө кетириш керек деген конкреттүү талап жок. Азыркы тапта кызматкерлердин жаш курагы келгенде, өздөрүнүн жазган рапортторунуни негизинде кызматтан бошотулат. Ал эми 55 жашка чыкканда бошотуу боюнча “КРнын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзам нормалары 2020-жылдын 3-февралынан баштап күчүнө кирет”.

Эскерте кетсек, Памир Асановдун уулу Эрнест Райымбек Матраимовдун эжеси Фарида Матраимованын кызын алган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: