Көп жылдар бою “Вечерний Бишкек”, “Слово Кыргызстана”, “Утро Бишкека”, “Чуйские известия” гезитеринде эмгектенген, “Российская газетанын” Борбордук Азия өкүлчүлүгүн башкарган Александр Викторович Никсдорф деген абдан акылдуу, калеми курч аксакал-кесиптешибиз бар. Ал бүгүн 24-октябрда өзүнүн Facebook баракчасына жаны ачып, депутат Рыскелди Момбеков жөнүндө минтип жазыптыр:
“Депутат Рыскелди Момбеков (КСДП) ЖКнын транспорт, коммуникация , архитектура жана курулуш комитет жыйынында өз сөзүн табышмак менен баштады. “Путиндин эмнеси кыска да, Назарбаевдин эмнеси узун?”, – деп сурады. Анан кайра дароо жообун айтты: “Фамилия” деп. Мага депутаттын деңгээли экинчи класстын окуучусундай сезилди. Анан биз алардын идеяларына таңгалып коёбуз”.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ