Өткөн жумада 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, абакта жаткан КСДПнын мүчөсү Алга Кылычевдин мурдагы тарапташтарына каршы көрсөтмө берип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда, Кылычев экс-президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаевге каршы көрсөтмө бергени белгилүү болгон.
Тергөө менен кызматташып, абактан чыгуу үчүн партиялаштарына каршы көрсөтмө берип жаткан Алга Кылычев менен Мээрбек Мискенбаев экинчи ирет беттештирилген. 8 саатка созулган беттештирүүдө Кылычев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары мамлекеттик төңкөрүш даярдашканын айткан. Ошону менен катар эле бийлик алмаштырууда аймактар боюнча жоопкерчилик да бөлүштүрүлгөнүн, Таластагы массалык башаламандыкты саясий кеңештин мүчөсү Мирбек Айтикеев жана Мээрбек Мискенбаев жетектей турганын билдирген.
Эске сала кетсек, КСДПчы экс-депутат Мээрбек Мискенбаев ИИМдин тергөө башкармалыгында кылмыш иши козголуп, суралып жатса, Мирбек Айтикеев өлкөдөн чыгып кеткен. Айрым маалыматтарга караганда ал учурда Швециядан баш паанек сураган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ