17-24-октябрдын аралыгында Орусиянын Оренбург (Орунпор) облусундагы айыл-барманы көзөмөлдөө башкармалыгы 6 жолу Казакстан менен Кыргызстандан барган 117 тонна жүктү өткөрбөй олтурат. Бул тууралуу аталган башкармалык 25-октябрды билдирди.
Бул жер-жемиш, азык-түлүктөр фитосанитардык талаптардан өтпөй, тийиштүү документтери жок болуп чыгууда. Бул ирет Казакстандан барган 97 тонна, Кыргызстандан 20 тонна болгар калемпири артка кайтарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ