Бүгүн, 25-октябрда, “Салтанат Палас” ресторанында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Аманбай Кайыпов уулун үйлөндүрүп, дүңгүрөтө той берет.
Эске сала кетсек, Аманбай Кайыпов Нарын облусундагы губернатор кызматынан контейнер мектеп чырынан кеткен. Нарын районундагы Кеңеш айылындагы контейнерден курулган мектепке нааразы болгон эл аны сындап, “кызматтан кетсин!”дешкен. Ага чейин Солтон-Сары кениндеги чырга да нааразы болгон жергиликтүү эл кызматтан кетишин талап кылышкан. Ошентип, сентябрда кызматтан кеткен. Бирок, жарым күн өтпөй эле Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин төрага орун басарлыгына дайындалган. Аталган комитетте ал өнөр жай тармагын көзөмөлдөйт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ