Menu

“Жолборс аял” Проненко Кыргызстан менен кош айтышканы турат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты Акаевдик режимге каршы турган саясатчылардын бири, март революциясынан кийин Социалдык коргоо министринин милдетин аткарган Алевтина Проненкону кимдер гана билбейт. Алевтина Павловна Үзөңгү-Кууш кытайларга кетип жатканда, кыргыз жери үчүн тикесинен тик туруп берген. Аксы окуясында эл менен кошо жүрүп, кыргыз саясатында жүргөн аялдар эмес, эркектерге үлгү болгон» Аксылык аксакалдар Проненкого “Ургаачынын жолборсу”, “Жолборс аял” деп баа беришсе, апалар “Биздин сизге белегибиз болсун” деп ак элечек кийгизген эле. Бир кездеги “Жолборс аял” деген атка татыктуу болгон Проненко карылыкка моюн сунуптур. Азимбек Бекназаров уулун үйлөп, элден бата алып берген тойго Проненко дагы барды. Ал Азимбек Бекназаровго тойдон мурун телефон чалып “Азимбек Анаркулович, мен Кыргызстанды биротоло таштап Подмосковьеге кетип баратам. Бир учурда аксылык апалар мага ак элечек кийгизди эле. Мен ошол белекти өзүм менен кошо алып кетпей, татыктуу аялга тапшырып кетсем” деп телефон чалган экен. Проненко тойдо эки жашка каалоосун айтып, “Аксы окуясы болгондон кийин аксылыктар мага белек кылды эле. (Элечекти ыйык тутуп жүргөн экен, ороп алып келген жеринен алып чыгып) Мен силердин бул белегиңерге татыктуу эмес экенмин. Мен Кыргызстанды биротоло таштап кетип жатам. Муну өзүм менен кошо ала кетүүгө эрким жетпейт. Бул ыйык элечек менден да күчтүү, кайраттуу, эмгекчил аял затына таандык, ошондуктан макул болсоңор ошондой аялзаты болсо, мен ушул элечекти ырымдап берип кетейин деп чечтим. Каршы болбогула, бул менин терең ойлонуп, кабыл алган чечимим…” деп көзүнө жаш алып, олтургандардын баарын ойго салды. Аксыда өзү менен кошо жүргөн Бөдөш Мамырова дагы жанында турду эле, кээ бирөөлөр “Өзүнүн подрушкасы, кыйын күндөрдө чогуу жүргөн Бөдөш Мамыровага берсе болот” дешти. Бекназаров өзү демилгени колго алып “Бул белек сизге берилген. Сизге “Жолборс аял” деген ат коюлган. Белекти өзүңүз менен кошо алып кетип, ошол жакка барганда дагы ушул белекти көрүп Кыргызстанды эстен чыгарбай турасыз” дегенде, олтургандар дагы кубаттап кетишти. Проненконун кандай адам экенине ушундан эле баа берсе болот. Аны келечек муун унутпашы үчүн Аксыдагы 17-март окуясы үчүн ачылган музейге ак элечеги менен сүрөтүн кошо коюуну саясатчылар туура көрүшүп жатат. “Жолборс аял” Проненко Кыргызстан менен кош айтышканы менен, ал кийген ак элечек музейде сакталып кала турган болду.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: