Бүгүн, 25-октябрда КСДП фракциясы Өкмөт алдындагы антимонополиялык жөнгө салуу мамагенттиктин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат угуп жатышат. Маалыматты агенттиктин директору Шухрат Сабиров берүүдө.
Депутат Айнуру Алтыбаева унга болгон баанын көтөрүлүшү боюнча суроо салды. “Ун – бул азыктын негизги продукциясы, а бүгүн ал 2 эсе кымбаттап кетти. Анан силер карап олтура бересиңерби? Импортерлор 100 сомго чыгарса да эч нерсе кылбайсыңарбы?” – деп нааразы болду.
Директордун маалыматы боюнча 2018-жылдын октябрына салыштырмалуу унга болгон баа 3%га кымбаттаган. Депутат айым жини менен: “Сырага болгон бааны жөнгө салуу идеясы кимге тиешелүү? Же ал эң зарыл продукция бекен?” – деди. Ш.Сабиров сыра көзөмөлдөгү баалардын эң төмөнкү деңгээлине кирерин, импорттолгондо салык төлөмдөрүнүн түшкөнүн көзөмөлдөө үчүн кылынарын айтты.
“Мен сиздин жоопторуңуздун логикасын түшүнө албай койдум. Силер таш көмүрдүн баасын көзөмөлгө алып жатпайсыңарбы. Региондор боюнча көмүрдү баасы ар кандай, анан абдан жогору” – деди А.Алтыбаева.
“Бизге жомок айтпагыла. Силер бааларды жөнгө салып турууга милдеттүүсүңөр, өкмөттүн милдети ушунда. Силер эмне ундун баасы көтөрүлүшү үчүн башка өлкөдөгү түшүмдүн аз болгонун күтүп олтура бересиңерби? Силер жыл бою мониторлук кылып, алдын ала бааларды билип турушуңар керек”, – деди жаны ачыган депутат Иса Өмүркулов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ