Menu

Кыргызстанда болчу жер титирөөнү беш күн мурун айта алышарын окумуштуулар билдирди

Бөлүшүү:

Орус адистерден турган эл аралык окумуштуулар тобу жер кыртышындагы гравитациялык толкундардын параметрлери кандай өзгөрүп жатканын изилдеп, жер титирөөнү 5 күн мурда алдын ала айтса болорун аныкташты. Алар 2013-жылдын 26-майында Өзбекстанда, 2007-жылы 8-январда Кыргызстанда, 2013-жылы 28-январда Казакстанда болгон жер титирөөлөрдүн спутник берген маалыматтарды изилдеп көрүп, сейсмикалык активдүүлүк беш күн мурун башталарын аныкташкан.

2007-жылы 8-январда Баткен облусунда жер титирөө 6 баллды түзгөн. Адам өмүрүн албаса да, Баткенде, Лейлекте, Кадамжайда 7 578 үй кыйраган. Ошондо 150 млн сомго зыян алып келген.

Окумуштуулар байкагандай, орточо атмосферанын температурасы жер кыртышындагы толкундар менен кошулганда, пайдалуу маалымат берет экен. Эгерде жер кыртышындагы толкундар 14,2-18,9 километрге жетсе, 4-5 күн калганда күч алып, 2 күн калганда туу чокусуна жетип, титирей турган күнү эң төмөнкү деңгээлге түшүп кетет экен.

Кыскасы, илимпоздор жер титирөөнү беш күн мурун болжолдой алышаарына бөркүндөй ишеништи. Биздин сейсмологдогдор да бул изилдөөнү эске алып, табияттын “оюндарына” даяр болуп калышты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: