Бул тууралуу 25-октябрда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында Башкы прокуратуранын ыкчам издөө жана тергөө кылуу аракеттерин көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын башчысы Замир Бейшеккеев айтып берди.
Анын айтымында, чын-чынына келгенде, тергөөчүлөргө ашыкча иш жүктөлүп жатыптыр. Бир айда эле 246 кылмыш ишин изилдеп чыгууга туура келет. Ошондон улам көптөгөн калпыстыктар, катачылыктар болууда.
“Мынча ишти кароого мүмкүн эмес. Биз өкмөткө атайын кат жаздык, тергөөчүлөр менен прокурорлордун санын көбөйтпөсөк болбойт. Албетте, бул бүджетке сокку урат. Бирок айла жок”, – дейт З.Бейшекеев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ