Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин баласы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков отурган машина катуу баратканы жол кырсыгына себеп болгону белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы ММКларга билдирүү таратты.
Алардын маалыматына караганда, быйыл 7-июлда болгон окуядагы (эки машина кагышып, 4 адам каза болгон – авт.) автотехникалык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, BMW Х7 машинасынын айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатканы аныкталган. Ошонун негизинде айдоочу эки айга үй камагына алынган. Тергөө дагы деле уланууда.
Эске сала кетсек, жол кырсыгы 7-июлда, саат 04:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долоноту айылында болгон. Анда «Лексус ЕS330» жана «БМВ Х7» үлгүсүндөгү машиналар кагышып, анын кесепетинен «Лексус ЕS330» машинасындагы 4 адам (экөө ошол жерде жан берсе, экөө ооруканадан көз жумган) каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ