Бүгүн, 25-октябрда, 20:30да «ак шумкарлар» Иран курама командасы менен беттешет. Бул тууралуу футбол федерациясы билдирди.
Алардын айтымында, тандоо оюндары учурда Ирандын Урмия шаарында өтүп жатат. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Түркмөнстандын курама командасын 3:2 эсебинде жеңип, 2020-жылы өтө турган Азия чемпионатынын тандоо оюндарына жолдомо алган. Ошондон улам, бүгүнкү Иран менен беттешүүдөгү оюн эч нерсе чечпейт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ