Кыргыз Республикасынан Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында «Сколково» инновациялык борборунда өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын чакан курамына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйын башталардан мурда делегация жетекчилери менен учурашуу, ошондой эле чогуу сүрөткө түшүү аземи болду.
Андан соң Кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйыны болот, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибине 19 маселе кирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ