Menu

Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Эгер кийинки парламент да балык болсо, көпкө чейин жашабай калат”

Бөлүшүү:

– Табылды мырза, Бишкек шаардык билим берүү департаменти орус орто мектептерде эмки окуу жылынан баштап кыргыз класстары ачылсын деген приказын жарыялаптыр. Бул кабарды кандай кабыл алдыңыз?

– Бул кабарды укканда өтө кубанычта болдум. Муну билим берүү башкармачылыгынын жетекчиси Н.В. Никифорованын эрдиги десем болот. Наталья Васильевна саясий эрки күчтүү, мыкты жетекчи экенин көрсөтө алды. Бул маселе буга чейин деле көтөрүлүп, коомчулуктун көңүл борборунда болчу. Себеби, ички миграциянын негизинде Бишкек шаары миллиондук калаага айланды. Региондордон жаштар көп келип отурукташып, мектеп жетишпей жатат. СССР учурундагы орус мектептердин статусу өзгөрбөгөндүгүнүн айынан жаштар балдарын орусча окутушуп келген. Кимде ким кыргызча окуткусу келсе, анда ал баласын шаардын бир бурчунан экинчи бурчуна алып барып окутушчу. Мисалы, мен 70-мектептин жанында жашайм. Балдарым ошол мектептен окушат. Мен кыргызча мектепке алып бара албайм, убактым жок. Бирок, коңшуларым 67,68,69-мектептерге алып барып окутуп келатышат. Себеби, 70-мектептин директору кыргыз класстарын ачкысы жок. Кудай буюрса, эми жаштарга жеңил болуп калды деп ойлойм. Бул приказга ылайык ар бир ата-эне өзүнүн үйүнө жакын мектепке баласын алып барып, кыргызча окутууга мүмкүнчүлүк алды. Н.В. Никифорова социалдык жактан жаштардын бир чоң проблемасын чечип берди десем болот. Бүгүн 1 млнго жакын кыргыздар Орусияда, Казакстанда миграцияда жүрөт. Алар жана алардын балдары орусча сүйлөшөт. Ошондуктан, Кыргызстанда орус тилин кыргыздардын өзүлөрү коргоп, анын өлкөдөн жок болуп кетпешин камсыз кылып турат.

– Кыргыз тили мамлекеттик тил болсо да, коомдон өз ордун таба албай келди. Мунун башкы себептери кайсылар?

– Биринчиден, мамлекеттик тилди саясий элита колдогон жок. Жетиштүү талаптар коюлбады. Экинчиден, мамлекеттик тил маселеси ушундай абалда болуп туруусу өкмөт үчүн пайдалуу болгон деп ойлойм. Себеби, президенттик деңгээлде дайыма колдоо табылса да, өкмөт эч кандай чараларды көргөн эмес. Анткени, тил маселеси бюджеттен ага акча бөлүүнү талап кылат.

– Тил саясатын жакшыртуу үчүн кандай чараларды көрүү зарыл?

– Бишкек шаардык башкармалыгынын демилгелерин колдош керек жана муну улантуу абзел. Кыргызстандын Ош, Кара-Балта жана башка шаарлары да бул буйруктун негизинде ушундай буйруктарды чыгарышы зарыл. Өкмөт ар бир министрликтердин бала бакчаларын кыргызча кылууга жана аларда 1-класска кыргызча даярдоо курстарын ачуулары тийиш. Үчүнчүдөн, Билим жана илим министрлиги жаңы ачылган кыргыз класстарды китептер жана башка материалдар менен камсыз кылуусу керек. Тышкы иштер министрлиги Өзбекстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек ара тилкесиндеги зонада жашаган айылдарда эки тилде окутуу маселесин чечиш керек. Мен 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад трагедиясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын эксперти болгом. Ошондо коңшу жашаган элдердин бири-биринин тилин билүүсү эки элдин ортосундагы алаканы жакшыртууда, конфликттик абалдарды жөнгө салууда чоң мааниге ээ экендигине ынангам. Биз чек арага жакын жайгашкан кыргыз айылдарда өзбек класстарын ачуудан чочуркабашыбыз керек. Мисалы, Ош жана Жалал-Абад областтарында же тажик класстарын Баткен областында. Эгер бул мезгил талабы катары таанылып кетсе, кийинчерээк Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, ал эми Өзбекстандын Андижан, Наманган, Жизак областтарында кыргыз жана өзбек тили негизги тил деп таанылса анын эмнеси жаман? Же болбосо, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Ходжент областында кыргыз жана тажик тили негизги деп таанылса бул жергиликтүү элге утуш алып келсе болгону да. Мындан саясат жасоонун деле кереги жок. Негизи коңшу элдер бирин-бири туура түшүнүшүп, заманбап жакшы шартта жашашса болду. Биз бүгүн Борбордук Азия элдеринин турмушуна жаңы заманбап саясий дем бүркүшүбүз керек.

– Жакында айрым ЖК депутаттары, саясатчылар чогулуп, парламенттик 9% босогону түшүрүү боюнча талкуу жүргүзүштү. Жээнчороев 7% десе, Ө. Текебаев 3%га чийин түшүрүш керек деген ойлорун айтты. Сиз кандай дейсиз?

– Бул маселеде өлкөнү парламентти турукташтыруу негизги ролду ойнош керек. Президент С. Жээнбеков быйыл жазда парламентте сүйлөгөн сөзүндө «Саясий партиялар» жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, идеологиялык партияларга негизги көңүл бурулушу керек экендигин айтканы бар. Ооба, азыр саясатчылар 9% босого боюнча талашып, экиге бөлүнүп калды. Бири 9% боюнча калсын десе, бири 7%га түшүрүш керек дейт. Парламентте 7% өтпөй калышы мүмкүн. Себеби, 7%га түшсүн деген депутаттар чын дилинен айтып жатканы байкалбайт. Бирок, бул маселе анчейин шашылууну талап кылбайт. Шайлоонун алдында деле өзгөртүп койсо болот. Бул жерде маселе элдин кызыкчылыгында чечилиши керек. 9%да партиялар ийрилешет дешсе, анда ошондой процесстер жүрүшү зарыл. Саясатчылардын баары негизги деп эсептелген партияларга биригиши керек. Негизи 9%, 7% жана 3%дын коом үчүн кайсынысы ыңгайлуу, ошону так аныкташышыбыз керек. Партиялардын парламентке кирүү босогосунун эң негизги максаты коомго жаңы лидерди тандап берүүгө ыңгайлуу шарт түзүүдө болушу шарт. Мына, Атамбаев парламентти балык кылгысы килип, тизмесине чейин кийлигишип, өзү түзүп койгон. Коомдо кадыры жок болуп жатат. Бакиевдин учурунда 3 партия кирген. Үчөө тең жарытып иш кыла алган эмес. 9% да максимум төрт партия келет экен. Башкача айтканда Бакиевдин, Атамбаевдин парламентинен айырмабы жок болуп калышы мүмкүн. Эгер кийинки парламент да балык болсо, анда ал көпкө чейин жашабай калат. Демек, 9% босогодо парламентке төрт партия келсе, коомго нукура лидерди тандоого толук кандуу мүмкүнчүлүк бербей калышы мүмкүн. Бул партиялар эң эле акчалуу партиялар болуп калышы ыктымал. Эгер 7% болсо парламентке 7 партияга чейин келет. Босого 3% болсо, өтө эле аз болуп калат. Анда парламенттик шайлоого 40 уруу кыргыздын лидерлеринин баары жаңы партия түзүп катышып, алардын бир тобу парламентке келип калышы да мүмкүн. Коомду майда кландык, уруулук, регионалдык тайпаларга бөлүп салуу коркунучу да бар. Нукура лидерди тандоо өтө эле кыйын болуп, стабилдүүлүккө доо кетет. Бул жерде Япониянын тажрыйбасын эстен чыгарбоо керек. Япония өлкөсү көп партиялуулук системага өткөндө, өлкөдөгү партиялардын баарына мүмкүнчүлүк берели деп босогону 1% кылып койгон. Мындай абалда өлкөдө түзүлгөн 100 партиянын баары кирип алган. Ошондон кийин мындай болбойт экен деп, босогону кайра өзгөртүп, көтөрүүгө мажбур болушкан. Дүйнөлүк тажрыйбада босого 7%. Көпчүлүк парламенттик демократиядагы өлкөлөрдө парламент 5, 6 же 7 саясий партиядан түзүлөт. Ошого 3% өтө эле аздык кылып, ал эми 9% көптүк кылып калат. Бирок, маселе босого пайызында эмес, ал 3%, 7%, 9% болобу элге баары бир. Элге реформаларды жүргүзүп, элдин турмушун оңдогон парламент керек. Босого пайызынын ыңгайлуу болушу, өз чөнтөгүн ойлоп, парламентке келгиси келген саясатчыларга гана керек. Ошондуктан, бийлик бардыгын так таразалап, элдин кызыкчылыгында аракеттенип, чечкиндүү болушу зарыл.

Маектешкен Н.Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: