Menu

Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү узартылып, ал камакта дагы эки ай калтырылды. Мындай маалыматты Атамбаевдин адвокаты Слесарев бүгүн, 25-октябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган. Алмазбек Атамбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү эртең, 26-октябрда аяктамак. Абактагы мөөнөтүнүн узарып калганына кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш себеп болгон.

Эске сала кетсек, Батукаевдин иши боюнча алгачкы сот 11-октябрда Биринчи май райондук сотто болмок, Атамбаев сот отурума келүүдөн баш тартып койгонуна байланыштуу 14-октябрга жылып калган. Ал күнү да Атамбаев сотко келбей койгонуна байланыштуу бир күнгө жылган. Ошентип, 15-октябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча баштапкы соттук отурум жабык эшик артында экс-президент Алмазбек Атамбаевсиз башталган эле.

Алты жыл мурун болгон окуяга кайрылсак, адам өлтүрүү боюнча оор кылмыштар үчүн 16 жылга соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы 9-апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн 8 жыл мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Уюшкан кылмыштуулуктун кызыкчылыгы үчүн коррупцияга катышкан» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта олтурат.

Андагы депутат Тынчтыкбек Акматбаевди жана анын жардамчыларын өлтүргөн кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн 8 жыл эрте бошотуу үчүн кыргыз бийлиги 10 млн доллар пара алгандыгы көптөн бери айтылып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: