Menu

Эл өкүлдөрү эки жүздүүлүктүн үлгүсүн көрсөтүштү…

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин 40 депутаты демилгелеген «сейрек кездешкен бир катар жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салуу” мыйзамын көпчүлүк депутаттар четке кагышты. Төрага Дастан Жумабеков мыйзам долбоорун биринчи окууда четке кагууну добушка койду. Натыйжада 109 эл өкүлүнүн 82си сейрек кездешкен жаныбарларды атууга тыюу салууну каалаган жок. Арасында өздөрү демилгелеген мыйзамга өздөрү каршы добуш берген депутаттар да болду. Мыйзамда 2020-жылдан тарта 2030-жылга чейин Кыргызстандын жалпы аймагында тоо кийиктерге — аркар-кулжа, эчки-теке, элик, бугу, марал жана каманды атууга мораторий киргизүү каралган болчу. Өкмөт мыйзамга каршы болгон. Себеби жөнөкөй, өкмөт азыр бюджетти толтура албай карайлап турат. Кызарган жердин баарын баса калууда. Ошондуктан аңчылыктан түшчү 60 миллион сомго көз кызартып, мыйзамды четке кактырып отурат. Эң эле кызыгы, өз мыйзамына өздөрү каршы чыккан депутаттардын эки жүздүүлүгү элди таң калтырды. Алар Гүлшат Асылбаева, Пархат Тулендыбаев, Кожобек Рыспаев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, Махабат Мавлянова сыяктуу бир катар депутаттар бар. Өз мыйзамына өздөрү каршы чыгып ойкуп-кайкыган эки жүздүүлөр анан кантип элдин камын ойлосун.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: