Menu

Кыргызстандын жарандарын Японияга жумушка тартуунун келечектери министр Ч.Айдарбековдун Япониянын Юстиция министри менен жолугушуусунда талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын Юстиция министри Кацуюки Каваи менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстандын жарандарын Японияга жумушка тартуу келечектерин талкуулашты. Министр Ч.Айдарбеков япон компанияларында иштөө үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын дарамети жөнүндө айтып берди. Ал 2018-жылдын декабрында Иммиграциялык контролдоо жана качкындар жөнүндө мыйзамга толуктоолор киргизилгендигин, ага ылайык 2019-жылдын 1-апрелинен тартып Япония “1-атайын көндүмдөр” жана “2-атайын көндүмдөр” деген визалардын эки жаңы категориясын киргизгендигин айтып өттү. Ал кыргыз тарабы жогоруда айтылган категориядагы визаларды берүүнүн талаптарына ылайык кадрларды даярдоо боюнча ишти жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Ага удаа Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын эмгектик резервдери жөнүндө маалыматты япон компанияларынын арасында таркатуу боюнча кеңири ишти жүргүзүүдө. Аны менен бирге Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалардын жаңы категорияларын киргизүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары боюнча япон тарабынын пландары жөнүндө кызыкты.

К.Каваи аталган визалардын категориялары 2019-жылдын 1-апрелинен тартып киргизилгендигин тастыктады. Ал жаңы эрежелердин алкагында 5 жыл аралыгында курулуш, кызмат көрсөтүү, автомобилдерди тейлөө чөйрөсүндө жумуштар үчүн 345 150 виза берүү пландалып жаткандыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жумушчу деңгээлде консультацияларды улантууну макулдашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: