Menu

Уурдалган кымбат баалуу буюмдар табылды. Аны ээсине кайтаруу үчүн милиция жабырлануучуларды издөөдө

Бөлүшүү:

Уурдалган кымбат баалуу буюмдар, кийимдер Бишкектеги кампадан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, ушул жылдын август айында Чүй облусундагы Селекция айылынын тургуну Сокулук РИИБге уурдалган буюмдары тууралуу арыз менен кайрылган. Анын арызында үйүнөн акча, алтын зергерлери, телефондору белгисиз бирөөлөр уурдап кеткени, ага чара көрүүнү өтүнгөнү жазылган. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сокулук РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан издөөгө алынган жана уурдалган телефондун бирөө маал-маалы менен иштеп турганы аныкталган. Ошону менен милициялар шектүүнүн жашаган үйүн таап, тинтүү жүргүзүп, ар түрдүү үлгүдөгү ноутбуктарды, телевизорлорду,  чаң соргучтарды жана кымбат баалуу тондорду (шуба, дубленка) табышкан. Табылган буюмдар алты жабырлануучуга кайтарылып берилди. Калган буюмдардын ээсин милиция издеп жаткан кези.

 Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: