Menu

Министр Каныбек Исаков менен элчи Николай Удовиченко эмнени сүйлөшүп, убадалашты?

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Россия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы өз ара кызматташуунун мамилелерин талкуулашты. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-октябрда  билдирди.

Алардын айтымында, жолугушууда тараптар Ош шаарында ачыла турган Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иштөө шарттары, окуу жайдын имараты тууралуу жагдайларды сүйлөшүшкөн.

Министр Ломоносов университетинин курулушу баштала турган филиалынын архитектуралык долбоору менен тааныштырып, имараттын курулушу бир айдын ичинде баштааларын айтты. Каныбек Исаков окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттерди окутуу максаттуу экенин белгиледи. Мындан сырткары, Москва мамлекеттик университетинин аяктаган окутуучулар, илимий даражалуу адистердин реестери түзүлгөнүн кошумчалады.

Өз кезегинде Николай Удовиченко кыргызстандык студенттер үчүн Россия университеттеринде берилип жаткан квотаны көбөйтүү керектигин айтып, студенттерди натыйжасы эффективдүү болгон факультеттерге багыттоого басым жасоону сунуштады.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.

 Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: