Menu

Фото – Бишкекте соттук актыларды мажбурлап аткарууга байланышкан актуалдуу маселелер талкууланууда

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-октябрда, Бишкек шаарында эки күндүк “Коммерциялык иштер боюнча талаш-тартыштарды мажбурлап аткаруу: жетишкендиктер, чакырыктар жана андан ары өнүгүү” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция башталды. Бул тууралуу жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Дильфуза Боронбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары — Саякбаев Максат Бердибекович, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов, ЕРӨБдун укуктук реформа бөлүмүнүн директору Мишель Нуссбаумер, Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) директору Фред Хьюстон, Россия Федерациясы, Украина, Монголия, Молдова, Таджикистан, Өзбекстан, Казахстан Республикаларынан келген эксперттер, ошондой эле алдынкы эл аралык жана чет элдик уюмдардын өкүлдөрү катышышууда.

Бул аянтчанын алкагында экономикалык иштер боюнча соттук актыларды мажбурлап аткаруу, анын өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жана стабилдүүлүгүнө болгон ролуна байланыштуу бир катар маселелер, коммерциялык талаштарды жараткан өндүрүштөр боюнча сот аткаруучулардын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо, аткаруу өндүрүштөрүн автоматташтыруу жана санариптештирүү, көйгөйлөр, ошондой эле чет өлкөлүк сот актыларын аткарууда мүмкүн болгон чечимдер талкууланууда.

Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева саламдашуу сөзүндө бүгүнкү конференциянын темасы өлкөбүздө актуалдуу болуп жаткан көйгөй – сот актыларынын аткарылышына арналгандыгын, акыркы жылдары бул маселеге көбүрөөк көңүл бөлүнө баштагандыгын белгиледи. Жыйындын катышуучуларына жемиштүү жыйынтыктарды, практикада кеңири колдонууга жарамдуу сапаттуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн кызыктуу дискуссияларды каалады.

Көтөрүлгөн теманын актуалдуулугун Кубанычбек Капалов да белгилеп  өттү. Катышуучулардын көңүлүн Кыргыз Республикасында аткаруу өндүрүшүн санариптештирүү  жана маалыматтык технологияларды киргизүү иштери кызуу жүрүп, Сот департаментинин материалдык-техникалык базасы жакшырып жаткандыгын белгиледи. Конференцияны уюштурууга колдоо көрсөткөн Мишель Нуссбаумер, Маргарита Мелдон айымдарга жана Фред Хьюстон мырзага ыраазычылык билдирип, рахматын айтты. Сөзүнүн аягында бүгүнкү конференцияга катышып жаткан эл аралык уюмдар жана өлкөлөр менен мындан ары да эки жана көп тараптуу кызматташтыктын бекемдөөсүнө жана өнүгүүсүнө үмүт артаарын кошумчалады.

Эртең  эл аралык илимий-практикалык конференция модератор Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаеванын катышуусунда  аткаруу өндүрүштөрүн автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча талкуу уланат. Конференциянын соңунда резолюциянын кабыл алынышы күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: