Menu

“Россия Нефть” компаниясы качан эсине келет?

Бөлүшүү:

Ош шаарындагы айдоочулардын бири өткөн жумада нааразычылык билдирип, май саткан «Россия Нефть» компаниясына тиешелүү май куйган жайдын бири бензиндин ордуна суу куюп берип салганын айтып чыгышты. Интернет баракчаларына чыгары менен ызы-чуу башталып, тийешелүү органдар териштирип, бүгүнкү күнгө чейин тынчый элек. Компаниянын жетекчиси Семетей Козуев интернетте өзүнүн депутат деген статусуна карабай ар ким менен сөгүшүп жүрөт. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан сөздөрүн уксаңыз эми бир укмуш. Карапайым калктын акчасына кутурган мындай компанияларды жаптырып эле салыш керек го. Бул компанияга байланышкан ызы-чуу тынчыбас болду. Бир туруп май куюучу жай өрттөнөт, бир туруп кардарларына минтип суу куюп берип салышат. Булар качан эсине келет болду экен? Деги буларды тескеген бирөө жарым барбы?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: