Menu

Шерадил Бактыгулов, коомдук активист: “Парламенттик шайлоонун 9%дык босогосу партияларды ирилештирип, жөнөкөй адамдардын парламентке келишин шарттайт”

Бөлүшүү:

—Шерадил мырза, учурда шайлоо босогосу боюнча талаш-тартыш улам курчуп, айрым депутаттар жана коомдогу кээ бир активисттер тарабынан буга чейин мыйзамга бекиген 9%дык чекти 7% же 5%га чейин түшүрүү керек деген демилге көтөрүлүүдө. Бул туурабы?

—Ооба, 9%дык босогону түшүрүү боюнча сөздөр жүрүп жатат. Бул чекти Өмүрбек Бабанов менен Мирлан Жээнчороев демилгелеп, учурунда мыйзамга киргизген. Алар ошол маалда ойлошкон, эгер 9% босого коюлса, Жогорку Кеңешке жалаң олигархтар менен бизнесмендер келет деп. Бирок, шайлоо алдындагы үгүт учурунда, анан шайлоо өтүп жаткан маалда баары өзгөрүп кетээрин билген эмес. Эгер ошолор ойлогондой болгондо Жогорку Кеңеш таптакыр башка жол менен кетмек. Бизге, шайлоочуларга, азыр 9% жакшы. Себеби, 9%дык босогодон өтүш үчүн ар бир саясатчы же коомдук активист бири-бири менен макулдашып, биримдикке келгенге аргасыз болот. Биз билебиз, азыр 200дөн ашык саясий, партия Адилет министрлигинен каттоодон өткөн. Майда саясий партиялар канчалык көп болсо, максаттар менен маселелер дагы ошончолук майдаланат. Мына азыр майда партиялардын программалары дагы формалдуу болуп жатат. Парламентке кирсе да жалгыз өкмөт курай албай, убадасын аткаралбай жатат.

—Баары бир баягыдай эле партиянын дидери чечет да?

—9%дык босого коюлганда, биринчиден, саясий партиялар бириккенге мажбур болот, жыйынтыгында партия өнүгөт. Экинчиден, саясий лидерлердин аталык катары ролу төмөндөйт, 1-катарга саясий партия чыгат. Орто деңгээлдеги кызматкерлер өйдөгө чыгат, б.а., реалдуу эл менен иштеген адамдар алдыңкы планга чыгат. Дагы бир жакшы жагы саясатчылар бириккенден кийин өздөрүнүн программаларынын үстүндө иштейт. Анын артында программанын күрөшү, атаандаштыгы башталат. Биз шайлоодо программаны тандап калабыз. Азыр көрүп жатабыз, программаларынын баары бирдей. Шайлоочулар программага карабай, жеке адамга добуш берип жатат. Анан парламентке киргенден кийин ашмалтайы чыгып, иштин көзүн билбегендер депутат болуп калууда. Муну 9%дык босого чечет. Мындан сырткары, 9%дык босого киргенде шайлоочулар ойлонуп калат, тиги партияга берсемби же бугабы деп. Ишенимдүү талапкерлер чыкканда шайлоочулардын сапаты жогорулайт. Айтор, 9%дык босогону колдосок, бизге жакшы болот. Парламенттик мамлекетке өтүп, Жогорку Кеңешке көбүрөөк бийликти бердикпи, демек, ал жакка келе турган адамдарга жоопкерчиликти көбөйтүшүбүз керек.

—Сиз 9%дык чек шайлоочуларга ыңгайлуу болот деп айттыңыз, ал эми шайлануучуларга келген маалда, жалаң байларга шарт түзүлуп, акчасы жок мекенчилдер чекеге сүрүлүп калбайбы? Т.а. 9%дык босого капчыгы жукалардын кендирин кеспейби?

—Эгер адамдын акчасы бар болуп, элден колдоосу жок болсо, ал өтпөйт. 9%дык чекте акчалуу адамдар активдүү, кадыр-барктуу ки-шилер менен сүйлөшкөнгө мажбур болот. Ал эми 7%дык босого оңой, квоталар боюнча анча-мынча жаштарды, башка улуттагыларды, аялдарды киргизип коет да, шайлоочуларды сатып ала берет. Төмөн босогодо азыраак акча кетет, босого көтөрүлсө көбүрөөк каражат керектелет. Байлар деле ойлоно баштайт, көп чыгарып эртең банкрот болбоймунбу деп. Мисалы, Түркияда 10%дык босого киргизилгенден кийин сапаты бир топ жакшырды. Албетте, аларда шайлоочулардын жана шайланып жаткан адамдардын саясий жоопкерчилиги жогору. Алардыкы биздикине окшош эмес.

—Эмнесинде өзгөчөлүк бар?

—Алар өздөрүнүн позициясына турат, добушун сатпайт. Эгер кимдир бирөөнү шайласа аягына чейин колдойт, керек болсо акцияга чыгат. Бирок, шайлоолор таза өтөт, БШКнын чечими чыкса моюнга алат. Түркияда саясий максаттары менен программалары так. Эмнени жасары так көрсөтүлгөн. Кайсы жакка барары ачык көрүнүп турат, андан кыйшайбайт. Ал эми бизде программасына бирди жазып, парламентке келгенде  башканы жасап жатышат. Жоопкерчилик жок.

Памир Манас 

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: