Menu

Депутат Калдарбек Баймуратов мектептеги биринчи сүйүүсүн унута албай жүрөбү?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Калдарбек Баймуратовдон саясий маек алыш кыйын. Бирок, Калдарбек мырзанын маанайы жакшы кезде жолугуп калдыкпы, айтор, саясаттан алыс, мырзаларга тийешелүү суроо узатсак жооп берди…

—Калдарбек Шакирович, «Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн» деп коюшат. Сиз жигитче берген сөзүңүзгө турасызбы?

—Албетте. Айтылган сөз – атылган ок да. Сөз берсем аны аткарганга болгон аракетти жумшайм. Анткен менен кээде турмуш-шартка, кырдаалга байланыштуу айтылган сөздөрдүн айрымдары аткарылбай калган учур болот. Бирок, аны сөзгө турбай койду деп сыпаттагандан алысмын. Андай учурларды аткарыла турган иштин убакыт-сааты чыкпай калып, башка учурга жылды деп же пландалган ойлордун башкача өзгөрүшү катары кабылдасак болот го.

—Жашырбай чын айтыңызчы. Биринчи сүйүүңүзгө жеттиңиз беле?

—Кайдагыны айтып, качанкыларды эске саласың да карындашым. Жашырбай айтайынбы, бала курактагы, мектептеги сүйүүлөрдүн бирине да жеткен эмесмин. Ал сүйүүнүн баары жүрөктө жашап келет. А жеңеңди башка учурда жолуктургам. Чын-чынында биринчи сүйүүсүнө жеткендер аз эле го дейм.

—Ачууңуз чукулбу, дароо чагылгандай чарт-чурт болуп кетмейиңиз барбы?

—Ооба, менин жиним бат келет. Бирок, эки мүнөттөн кийин унутуп калам. Балдарымды деле урушуп алып кайра сүйлөй берем.

—Эми үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышат эмеспи. Сиздин үйдө казан-аякты биринчи ким «кагыштыра» баштайт?

—Мен, кээде жеңең. Көбүнчө мен урушту биринчи баштайм (күлүп). Анткен менен урушубуз көпкө узабай бат эле жарашып алабыз.

—«Аял дегендин тили кыска болуш керек» деген эркектердин пикирине кошуласызбы?

—Кошулбайм. Аялдардын тилин ким чыгарат биринчи? Аны өзүбүз чыгарабыз да. Негизи үйдө жубайың менен урушканда такыр сүйлөбөй коюш керек. Бир күндөн кийин аялың кантип сүйлөп жибергенин өзү билбей калат.

— «Бөдөнөнүн сүтүнөн» кээде алып коёсузбу?

—Жаш кезде алчумун. Азыр чылым эле тартканым болбосо, ичкенден алыстап кеткем. Чылымды деле дембе-дем тартпайм, бир куту тамеки алсам үч-төрт күнгө жетет.

—Үйдө жеңебиз жокто же жеңебизди убара кылбай деле байпак, көйнөктөрүңүздү кээде өзүңүз эле чайкап, үтүктөй саласызбы?

—Кийимдеримди жеңең ирээттейт. Ал жок болуп калса же бошобой атса, карап олтурбайм. Үйдө «унчукпас келин» бар эмеспи, жанагы кир жуугуч машина. Салып койсом сонун кылып жууп коёт. Аны үтүктөп алып кийип кете берем.

—Талаа жумуштарына кандайсыз? Мисалы чалгы чаба аласызбы?

—Иий, сагынган нерсени айтасың да. Ишенесиңби, чалгы чапканды аябай жакшы көрөм. Чөптү тыкырайтып таза чапканды бейиши болгур чоң атам өзү үйрөткөн.

—Беш бармакка эт туураганды кыргыздын ар бир жигити билиш керек эмеспи. Гүл майда кылып эт туурай аласызбы?

—Адамдын ары жагында ар бир нерсеге болгон шык, жөндөм деген болбосо, баарын билем деп айта берген туура эмес го. Мен эт туурай албайм.

—«Күлүк ат менен сулуу кыздарга» кызыкпаган эркек болбойт дешет. Жашыңыз өтүп калганына карабай чачы узун, сымбаттуу, бою узун кыздарды көргөндө, «атаңдын гөрү-ү-ү» деп бир кылчайып каласызбы?..

—Мен кыздардын чачын, боюн эмес, акылын баалайм. Кээ бир кыздарды көрсөң келбеттүү болбосо дагы сүйлөгөнү сонун, акылдуу, билимдүү. Ал эми чыныгы аялзатына тиешелүү сапаттарга ээ бийкечтерди көргөндө, көпчүлүк эркектер сыяктуу бир карап коёбуз.

—Жаш кезде дискотеканын «каарманы» белеңиз?

—Биздин убакта азыркы Панфилов паркында ишемби, жекшемби күндөрү дискотека болчу. Ал деле түнкү саат 11ге чейин гана. Биз дискотекага келгенде шаардык балдар сүрүп салышчу кээде айылдык балдар чогулуп келип аларды сүрүп салчубуз. Бий аянтын талашып-мушташып урушчубуз. Бийдин планын далай эле толгурганбыз.

—Ат минип көк-бөрүгө түшөсүзбү?

—Жок. Мен футболго кызыгам, өзүм да маал-маалы менен ойноп турам. Жаш депутаттар менен кошо чуркап ойногонума караганда, азыр деле күчүмдөмүн. Футболсуз жашоомду элестете албайм. Спортсуз адам карып кетпейби…

Сезим Мураталиева

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: