Бүгүн, 28-октябрда экс-премьер-министр Сапар Исаков абакта сотко баруудан баш тартып, каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу күч колдонуу менен сотко жеткирилди. Бул тууралуу Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Сапар Исаков жана аны менен бирге айыпталып жаткандар азыр соттогу конвой бөлмөсүнөн чыкпай жатышат. “Күч колодонууну УКМКнын кызматкерлери жүзөгө ашырды. Бул мыйзамсыз. Айыпталып жаткандар Евгений Хафисов жана Асанов аттуу күбөлөр сотко алынып келмейинче конвой бөлмөдөн чыгуудан баш тартышты”, – дейт жактоочу Замир Жоошев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ