18-октябрда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР ИИМ менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) катарына рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1994-ж.т., КР жараны Д.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталган боюнча, кармалган Д.А. эл аралык террористтик уюмдун лагеринен атайын диверсиялык-террористиик даярдыктан өтүп жана башчысынын тапшырмасы боюнча террористтик иш-аракеттерди аткаруу максатында КР аймагына келген.
2016-жылдан бери Кыргыз Д.А. Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Кармалган адам Жалал-Абад шаарынын ОИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ