Аралашма эр мушташтарда ат салышкан кыргызстандык Кямран Аббасов 25-октябрда Жакартада (Индонезия) өткөн кезектеги таймашта Швециядан чыккан орто дивизиондогу чемпион Себастьян Кадестамды жеңип алды. Кыргыз мушкери беш раунд бою активдүү болуп, таамай сокку жасап, атаандашын баш көтөртпөй койду. Калыстар жеңишти бир добуштан Кямранга беришти. Видеону төмөнкү шилтемеден көрүңүз:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ