Menu

Депутат Жыргалбек Турускуловдун атып өлтүрүлгөн кайберен менен түшкөн сүрөтү сынга алынууда…

Бөлүшүү:

«Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдун атып өлтүрүлгөн кийик менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарда жарыяланып, кызуу талкууга түштү.

Эске сала кетсек, өткөн жумада, 23-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары аркарды, кулжаны, тоо текени, бугу-маралды атууга тыюу салуу боюнча жаңы мыйзам долбоорун  өткөрбөй коюшкан.

Өткөн 2018-жылы мыйзамсыз мергенчилик үчүн 99 кылмыш иши боюнча 183,6 миң сом айып пул төлөнгөн, 96 иш боюнча 611,4 миң сомго доо коюлган. Кыргызстанда мергенчилик чарбасында ишкерлик кылган 52 юридикалык тарап, 42 жеке фирма, 9 коомдук жана 1 мамлекеттик мекеме (жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу департаменти) катталган.

Ушунча мергенчилик уюмдары болгон соң, парламентте тиешеси бар депуттар да бар окшобойбу. Мыйзам долбоорго каршы чыккан депутаттардын арасында атып өлтүрүлгөн кайберен менен сүрөтү чыккан Жыргалбек Турускулов дагы бар болчу.

   Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: