Menu

Кийинки шайлоодон жакшы депутатты күтпө деле…

Бөлүшүү:

Биздеги үч бийликтин бири Жогорку Кеңеш. Мамлекетибиз парламенттик-президенттик башкарууда деп каралат. Ошонун нугунда айтканда парламент менен президенттин укугу бирдей, дааналап айтсак, «теңата» башкаруу керек. А бирок, иш жүзүндө бардык башкаруу жалгыз президенттин энчисинде, Жогорку Кеңеш болсо – анын «кол баласы». Кандай болгон күндө да Жогорку Кеңеш башкаруунун бир бутагы катары аткарган ролу бар, аны танууга болбойт. Анткен менен ал жерге «болоор-болбостор» тегизи менен чогулуп алып кандайдыр бир, эч нерсеге жооп бербеген, алганды билген да бергенди билбеғен, коомдогу орду – жеке иштерин бүтүрүп «эркелеп» жүргөн, чоң сүйлөп, кенедей да аткарбаган адамдардын өзүнчө бир тобу болуп калды. Булардын негизги милдети – жакшынакай, керектүү мыйзамдарды чыгаруу. Анысы расмий түрдө. Ал эми расмийин алып салса, ар бир депутаттын, болбосо да көбүнүн бизнеси бар, алардын көбү башкаларга катталган, алардын туугандары, жакындары сөзсүз бир пайдалуу жерде иштейт, бала-чакасы чоң жерлерде жардамчы, кеңешчи, референт ж.б. «колу булганбай» көп акча алып иштешет, алардын ишке жөндөмдүүлүгүнүн эсеби жок, буту-колу кыбырап турса болду… Эгерде депутат деген бүткүл дитин ишке коюп, накта элдин кызыкчылыгын көздөп иштесе, анда булар өтө пайдалуу адамдар болоор эле, накта «эл өкүлдөрү» болмок. Азыр депутаттар бир сын укса: «Бизди эл шайлаган, биз деген эл өкүлүбүз…» дегенден кеңири айтып, сыныңды тоготуп койбойт. Чынында аларды эл шайлаган эмес, элдин ниети акча менен өлчөнүп, акчанын күчү менен шайлангандар. Акчасы жок шайланган депутатты таап көр?! Депутат деген ушундай болуш керек деген кеп болот кээде. Ошондо, мисалы, Мыктыбек Абдылдаев, Асел Кодуранова, Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, Руслан Казакбаев сыяктуу адамдарды эстейбиз, алар «депутат деген ушул сыяктуулар болуш керек» деген кепке татып берет. Көпчүлүгү «эл кызыкчылыгы» дегенди өзүнүн кызыкчылыгына айландырып алган немелер. Сыртынан «элим» демиш болгону менен дили «өзүм» дегенге толуп калган. Эт чаап жүрүп эле «элитага» келип түшкөн Кожобек Рысбаев өңдүү депутаттар корпусун чагылдырып турар?! Каратып туруп калпты шыпырылткан Бакыт Төрөбаев, ойду-тоону сүйлөгөн Камчыбек Жолдошбаев, көп сүйлөп жатып элге жагып алган Жанарбек Акаев, миллиондорду жеп алып жооп бербей жыргал турмуш сүрүп жаткан Исхак Пирматов менен Акылбек Жапаров, жаңы бийликке жагам деп кесиптештерин саткан Иса Өмүркулов сыяктуу «азаматтар» толтура. Жогорку Кеңештеги депутаттардын ар кимисинин өз кызыкчылыгы бар, алар бир жакшы идея үчүн, иш үчүн эч качан биригишпейт, себеби, «элим» деп турган чыныгы ою жок. Эгерде чын дилден көкүрөгү «элим» деп соксо, анда баарынын ою ошол «элим» деген жерден тогошуп турмак! Анан элге керектүү, пайдалуу иштер жасалмак. Азыр болсо, ар бир депутат өзүнө керектүү иштерди жасоого гана далалаттанат.

Ушул биздин Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын арасында кимдер гана жок?! Аны элдин баары билет, кайра бир эскертели: уурулар, кыз зордуктагандар, соттолгондор, кримчөйрө менен байланышы барлар, элдин миллиондогон акчасын жегендер, кызматтан иштей албай куулгандар… иши кылып таза коомго жолотпочу «элементтердин» баары бар.

Азыркы депутаттар бир ишти көңүлдөнүп жасайт, ал – премьер-министрди жана өкмөт курамын щайлоо. Ошондо топ-топ болуп бириге калып, каалаган талапкерлерин жан алы калбай көтөрө чаап мактап, оңду-солду жойлоп жиберишет. Кээ бирлери ал кампаниядан жакшы акча жасап алат. Бирок, ошол мактап-жактап тандалып алынган премьер-министр менен министрлер бат эле жараксыз боло баштайт. Кайра жаңысын шайлашат. Баягы процесс кайрадан кайталанат…

Ооба, жаңы парламентти эмдиги жылы шайлайбыз. Адам үмүтү, анын ичинде кыргыз үмүтү тим эле ооз тарттырбай ай-ааламга учат эмеспи. Ошол жагдайдан караганда «жаңы парламент шайланса, баары сонун болот» деген илгери үмүттүү бүтүм дилибизге тынчтык бербей жатат да. Ал убак да келет, жаңы депутаттуу да болобуз… Бирок, аны менен бирге ошол депутаттарга байланыштуу жакшы абал келбейт! Депутат Рыскелди Момбеков айткандай эмдиги парламентке «азыркыдан да начар депутаттар келет». Буга көз ачыктык кылуу деле болбойт, ошол сынды азыркы көрүнүштөр айгинелеп жатпайбы! Ооба, «эң эле сонун болот» деп парламенттик шайлоонун партиялык тизме менен шайлоосун тандап алганбыз. Калган жерде кандай экендигине баа бере албайм, а биздеги ошол жол менен шайлоо жалаң жаман жактарын көрсөтүп жатат. Талапкерлер кайсы бир партияга тизмеленип топтолушат экен. Тизмеге кириш үчүн ар бир талапкер эбегейсиз суммадагы акчаны ошол партияга берет, партия дегенибиз – ошол партиянын лидери. Демек, бир адам бардык акчага ээ болот, анын сарпталышына көзөмөл кылат. Ким канча акча бергенине байланыштуу орунга эгедер – чоң акча берсең алдыңкы орунда болосуң! Ошол тизмеге кимдер кирип жатат, шайлоочуга ошол талапкердин ким экендиги, баскан жолу… жакшы дайын эмес. Ошол партиялык тизмеге киргендерден эл билгендери деле болот, бирок, алар небак алчы-таасын жеп бүткөндөр да. Аларды тизмеден чыгарып салууга элдин шаасы жетпейт… Эл шайлоого активдүү катышат. Ал жакшы. Бирок, наалатыныкы, активдүү катышканынын себеби – акча алсам дейт, көбүрөөк акча алсам дейт. Кийинки шайлоолор жалаң гана акчанын күчү менен өтүп калбадыбы, бул көрүнүш да турмушубузун айныгыс бир үзүмүн түзүп калды.

Азыркы шайлоочу «жакшы депутаттарды шайлайбыз» деген дежур болуп бүткөн сөзү» айтканы менен, тээ көңүлүнүн тереңинде «ким көп акча берсе, ошону шайлайм да» деген бүтүмү керекке жарап турат. Шайлануучу партиялар дагы акчанын чечүүчү ролун даана билип, акчаны мол чачууга аракет кылат, талапкерлердин «канын сорот». Колунда жок талапкерлердин эмнесин сорот? Андыктан колунда жоктор тизмеге кирбейт. Мейли жанда жок кыйын болсун, мейли аябагандай билимдүү болсун, адамдыгы ашкан неме болсун… ал неме тизмеге киргизилбейт. Тизмеге мейли дөөпөрөс болсун, мейли келесоо болсун, мейли эскара болсун же бандит болсун… иши кылып эле акчасы көп болсо болду, ошол неме тизмеге катталат.

Баарын акча чечип калган заманда депутаттарды шайлоо кампаниясын сен «акча чогултуу кампаниясы» кылып, анча-мынча каражат таап ал, кымбаттуу шайлоочум! «Шайлоо таза өтсүн, татыктуу депутаттарды шайлайбыз» деген жакшы айтылган ураан-чакырыктын азыр мизи кайткан. «Ким акча көп берсе, ошолор шайланат» деген принципти туу тутуп аракет кылыш керек. Илгеркидей куру чакырыктар менен аракет кылган мезгил өттү, кетти. Азыр кара турмуш айкындап берген, акча чечкен «кара жол» менен кылдыраш керек…

Анткен менен жакшы тилек өлбөйт турбайбы. Баары бир кандайдыр бир жакшылыкты самаганыбыз самаган. Кийинки келчү шайлоодо «баары тегиз татыктуу депутаттар келсе, алар билимдүү, адамгерчиликтүү, түшүнүктүү, өзүнөн мурун өңгөгө күйүмдүү, биринчи иретте, элинин бейпилдигин, ынтымагын каалаган, жетиштүү жашоосуна кам көргөн, » биздеги мыйзамдарды сыйлаган жана түшүнгөн адамдар болсо экен» деп тиленебиз да. Ошондой болчу азаматтар бизде жок эмес, жетиштүү. Бирок, алардын кедергисин кетирген маселе – аларда акча деген жок, акылы бар да, акчасы жок! Ал эми акчасы жок адам депутаттыкка ат салыша албайт, партиялык тизмеге жакын жолой албайт! Ушундай коркунучтуу абал…

Баратбай Аракеев

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: