Жекшемби, 27-октябрь күнү КР УКМК ККК Бишкек шаарында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө жеке ишкер Ш.А. талап кылынган акча каражатынын жарымы 1000 АКШ долларын алып жаткан учурда КР УКМК ККК бөлүм башчысы жана кызматкери деп таанышкан Б.А. жана И.М кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алар Ш.А. ишмердигин текшерүүнү уюштурабыз деп коркутуп, андан 2000 АКШ долларын талап кылышкан.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Азырку учурда КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Кармалган адамдар Б.А. жана И.М. КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
КР УКМК ККК аталаган фактылар боюнча кармалган адамдардытаануу максатында сүрөттөрүн жарыялайт жана ишеним телефонудоруна чалууну суранат 0312 660475, 0312 626504.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ