Бүгүн, 28-октябрда “Ош” эл аралык аэропортунда Jazeera Airways авиакомпаниясынын Кувейт-Ош алгачкы аба каттаманынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралу аталган аэропорттун басма сөз кызматкери билдирди.
Авиаторлордун калыптанып калган салтына ылайык, Airbus-320 Neo учагын суу аркасынан чыгарышты. Соңку кездери Оштон Кувейтке учуу талабы көп болуп, Талантбек Ысаков директорлук кылган “Манас” аэропортунун Оштогу филиалы түзүлгөн маселени чечип, Азия менен Европа ортосунда жүргүнчүлөрдү транзиттик аба жолу менен ташууну колго алып олтурат. Алгачкы Ош-Кувейт каттамында 139 киши каттоодон өттү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ